• Кыргызча
  • Русский
  • English

Төраганын кайрылуусу

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,

Банк рыногунда 19 жылдан ашуун убакыттан бери ишенимдүү кадам таштап, туруктуу иштеп келген банкты жетектөө бактысына туш болуп жаткандыгыма өтө кубанычтуумун.

Бүгүнкү күндө “Азия Банкы” республика аймагы боюнча 40тан ашуун кеңсеге, банкоматтар жана төлөм терминалдарынын кеңири тараган түйүнүнө ээ таасирдүү мекеме. Банктын ар бир кеңсесинде, айрыкча, борбор калаабыздын чок ортосунда быйылкы жылы ачылган, учур талабына жооп берген жаңы кеңсебизде Сиздер менен иш алып барып жаткандыгыбыздын өзү зор бакыт.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу астында жаңы технологияларды өздөштүрүүнүн аркасында жөнгө салынган кредиттөө программасы кеңири кучак жайып, кредит портфели өсүп, анын сапаты кыйла жакшырууда.

Банктын эмгек жамааты – анын келечеги. Адамдык мамиле – ишенимдүү алга илгерилөөнүн пайдубалын түптөп, атаандаштык жөндөмдүүлүктү арттырууда.

Ал эми кардарлардын ишеними – биздин алдыга койгон үмүт-тилегибизден келип чыккан баалуулук. Кардарлардын, акционерлердин жана өнөктөштөрдүн каражатына сарамжалдуулук менен аяр мамиле – бизге болгон ишеним. “Азия Банкынын” эмгек жамааты кызматташып жаткандарга терең ыраазычылыгын билдирүү менен биз туу туткан баалуулуктар эч качан өзгөрбөй тургандыгына ишендирип кетет.

Кыргызстанга гүлдөп өнүккөн кең келечек, ал эми анын көп улуттуу калкына ачык асман, байгерчилик турмуш, орошон ийгиликтерди каалайбыз!

 

Атакишиева Земфира Акишовна

 "Азия банкы" ЖАКтын башкармасынын төрагасы