• Кыргызча
  • Русский
  • English

Өнөктөштөр

  

«Насыя Маалыматын Колдонуучулардын Ассоциациясы» ЮЖБ 2003-жылы 17-мартта түзүлгөн. Уюмдаштыруучулар катары «Азия Банкы» ЖАК, «ДемирКыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК жана «Оптима Банк» ААК (уюмдаштыруу учурунда «Энергобанк» ААК) чыгышты. «Насыя Маалыматын Колдонуучулардын Ассоциациясы» - Кыргызстандын аймагында зайымчылар тууралуу маалыматты чогултуу, иштетүү жана сактоо менен алектенген жалгыз насыя бюросу. Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн процессинде Ассоциация өнүгүүнүн ар кандай этаптарында жардам көрсөткөн жана насыя маалыматы менен алмашуу системасына колдоо көрсөтүүнү улантуучу РӨЕБ, USAID, IFC, SECO, GIZ, MFC жана башка эл аралык уюмдары менен бекем жана ишенимдүү өнөктөш мамилелерди түзө алды.

 

   

Эл аралык ишкердик кеңеши «Азия Банкы» ЖАК Эл аралык ишкердик кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Эл аралык ишкердик кеңеши (ЭИК) – 2000 жылы түзүлүп, жыл сайын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип келген жана азыркы учурда Кыргызстандын ири бизнес-ассоциациясы болуп саналат. ЭИКтин максаты болуп өлкөдө экономикалык климатты өнүктүрүү саналат.    

 

Кыргызстандын банктар союзу «Азия Банкы» ЖАК мүчөсү болуп саналган коммерциялык банктардын, каржы-насыя мекемелеринин ыктыярдуу бирикмеси.

 

 

  

Мамлекеттик ипотека компаниясы. Кыргыз Республикасында ипотека насыясынын механизмин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматчыларын, аскер кызматчыларын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылырын ипотекалык насыялоо аркылуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында 2015-жылдын 15-июлунда Өкмоттүн Токтому менен “Мамлекеттик ипотека компаниясы” ачык акционердик коому түзүлгөн. “Жеткиликтүү турак жай” Программасын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоонун механизминин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында каржылоону тартуу.

Эл аралык өнөктөштөрү:

  

Реконструкциялоо жана Өнүктүрүүнүн Европа Банкы (РӨЕБ)– 1991 –жылы 61 өлкө жана эки эл аралык уюм менен тузүлгөн инвстициялык механизм. РӨЕБ региондогу эң ири инвесторлордун бири болуп саналат, жана бөлүнүп берилген каражаттардан тышкары, ошол эле учурда түз чет элдик инвестицияларды тартат. РӨЕБ каражаттарды жаңы өндүрүштөргө да, иштеп жаткан фирмаларга да жумшап, банктардын, ишканалардын жана кампаниялардын долбоордук каржылоосун жүзөгө ашырат. 2013-жылдан тартып «Азия Банкы» ЖАК РӨЕБ менен активдүү кызмтташууда.

 

MicrofinanceEnhancementFacility SA, SICAV-SIF –KfWEntwicklungsbankи Эл аралык каржы корпорациясы (IFC), Дүйнөлүк банктын Тобунун мүчөсү член 2009-жылы микрокаржы уюмдар үчүн кыска жана орто мөөнөттүү каржылоону камсыз кылууга түзүлгөн. МЭФтин максаты өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык абалды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат. 2015-жылы «Азия Банкы» ЖАК DueDiligence ийгиликтүү өтүп, Кыргызстанда ЧОБду өнүктүрүүгө MicrofinanceEnhancementFacility SA, SICAV-SIF 1 миллион доллар алды.

  

International Finance Corporation 

Эл аралык каржы корпорациясы (IFC)  Дүйнөлүк банктын Тобунун уюмдарынын бири жана  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жеке сектору менен гана иштөөчү глобалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ири мекемеси болуп саналат. Азыркы учурда IFC Кыргыз Республикасында инвестициялык ишмердүүлүктү ишке ашырат жана каржы институттарында институционалдык дараметти өнүктүрүү үчүн укуктук-ченемдик базаны иштеп чыгууга; жеке секторду жана ылайыктуу инвестициялык климатты өнүктүрүү үчүн корпоративдик башкарууну өркүндөтүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган консультативдик программалардын долбоорлорун ишке ашырат.   Каржы инфротүзүмүн бекемдөө IFC каржы кризисине жообунун негизги компоненти болуп саналат. 

  

ResponsabilityInvestments AG, инвестициялар чөйрөсүндө алдынкы дүйнөлүк башкаруу компаниялардын бири. Анын негизги продуктусу – жеке жана институционалдык инвесторлор үчүн кесипкөй башкаруу инвестициялык чечимдер. Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында бул ишканалар калктын кеңири катмарлдарынын негизги керектөөлөрүн канааттандырат, ошондой эле экономикалык өнүктүрүүнүн драйвери болуп саналат – бул узак мөөнөттү келечекте жыргалчылыкты жогорулатууга алып келет. 2003-жылы штаб-квартирасы Цюрихте түзүлгөн компания Бангкокто, Женевада, Гонконгдо, Лимада, Люксембургда, Мумбаиде, Найробиде, Ослодо жана Парижде жергиликтүү бөлүмдөргө ээ. 2015 – жылы «Азия Банкы» ЖАК Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө Responsibility 1 миллион доллар алды.

  

Симбиотикс, Щвейцария – инвесторлор жана башкаруу фонддору үчүн микрокаржылоо чөйрөсүндө профессионалдык тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө адистешкен дүйнөдөгү алдынкы компаниялардын бири болуп саналат. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүнө рынокту изилдөө жана талдоо, инвестициялык каражаттарды жайгаштырууда башкаруу жана көмөктөшүү, келишимдерди түзүү кирет. Ийгиликтүү сүйлөшүүлордүн натыйжасында 2015-жылы «Азия Банкы» ЖАК Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө Симбиотикстен 1,5 миллион АКШ долларын алды.

   

Россиялык-Кыргыз Өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2014-жылдын 29-майындагы “Евразиялык экономикалык интеграциясынын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө” Макулдашууга ылайык уюмдаштырылган жана иштейт. 2016-жылдын июнунда «Азия Банкы» ЖАК РКӨФ менен төмөнкүдөй багыттар боюнча чакан жана орто бизнестин субъекттерин каржылоо үчүн 1,4 миллион АКШ доллар суммасына кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол койгон: негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу, кеңейтүү жана модернизациялоо, төмөнкүдөй багыттар боюнча: агро өндүрүш комплекси, тигүү жана текстиль өндүрушү, кайра иштетүүчү өндүрүш, тоо кен өндүрушү жана металл өндүрүү өндүрүшү, транспорт, инфротүзүмдү, туризм жана медицина инфротүзумүн өнүктүрүү жана башка ондүрүш багытындагы узак мөөнөттү инвестициялар.