• Кыргызча
  • Русский
  • English

Биз жардам беребиз

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ЖАРДАМ 

Банк жыл сайын ар бир чейректе Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин колдоп белгилүү өлчөмдөгү сумманы багыттайт. Согуш ардагерлери өлкөнүн ардактуу жарандары болуу менен жаштарды патриоттуулукка жана өз мекенин сүйүүгө тарбиялап келет.

БАЛДАР МЕКЕМЕЛЕРИН КОЛДОО

Балдар – өлкөнүн келечеги, демек, ар бирибиз алар үчүн жоопкерчиликтүүбүз. 2016-жылы 1-июнунда «Азия Банкы» ЖАКтын кызматкерлери Шопоков шаарындагы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды камкордукка алган балдар үйүнө барып, алар үчүн майрамдык маанай тартуулап кайтышкан. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан майып балдарды да көз жаздымында калтырбай, аларга ар кандай оюнчуктарды, кеңсе товарларын белекке беришкен.

2013-жылы «Азия Банкы» ЖАК муктаж болгон балдар үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрүп, анын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй областынын балдар мекемелеринен  500дөн ашуун балдары «Фламинго» оюн-зоок паркына барып, ар кандай аттракциондорго түшүп, кызыктуу шоулорду көрүп, белек гана албастан, майрамдык маанайда кайтышкан.

«ЖАРДАМ БЕРҮҮ ОҢОЙ»

«Жардам берүү оңой» коомдук фондусу онкология оорусуна чалдыккан жаш балдарга жардам берүү ниетин билдирген жарандарды жана уюмдарды бириктирген уюм. 2016-жылдын октябрында алгачкы балдар хосписи ачылып, үйгө барып жардам берүү иш жөнгө салынган. Өлкө турмушуна активдүү катышуу менен «Азия Банкы» ЖАКтын акционерлери оорукчан балдарга кымбатка турган дары-дармектерди сатып алуусуна каражат бөлгөн.