• Кыргызча
  • Русский
  • English

Аккредитивдер

Документардык аккредитив товарларды импорттоочулар үчүн да, экспорттоочулар үчүн да эл аралык соодада эсептншүү жүргүзүүнүн эң ишенимдүү ыкмасы болуп саналат.

Документардык аккредитив – бул товарды түшүрүүнү же тейлөө кызматын көрсөтүүнү тастыктаган жана аккредетивдин шарттарына ылайык документтерди берүүгө каршы сатуучунун (экспорттоочунун) атынан Банктын кат жүзүндөгү милдеттенмеси.

Сатуучу (экспорттоочу) үчүн артыкчылыктар:

 

  • сатып алуучунун төлөбөө тобокелдигин жокко чыгаруу;
  • бир тараптуу өзгөрүү тобокелдигин жокко чыгаруу;
  • төлөмдүн мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү;
  • өзүнүн кызыкчлыктарын эске алуу менен жеткирүүлөрдүн графигин түзүү мүмкүнчүлүгү.

Сатып алуучу (импорттоочу) үчүн артыкчылыктар:

 

  • төлөө товарды түшүргөндөн кийин жүргүзүлөт;
  • товарларды номенклатурага жана мөөнөттөргө ылайык жеткирүүнүн кепилдиги, ошондой эле товардын сапатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
  • алдын ала төлөөдөн толук же жарым жартылай баш тартууга мүмкүндүк берет;
  • өзүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен контракт боюнча төлөмдөрдүн схемасын түзүү мүмкүнчүлүгү;
  • кыска мөөнөттү каржылоо алуу мүмкнчүлүгү.

Банктык кепилдиктерге жана аккредитивдерге тарифтер