• Кыргызча
  • Русский
  • English

«Киевская» филиалы конокторду тосуп алууда

28 июля 2017

27-июль күнү жаңы филиалдын бет ачары болуп, чакырылган коноктор үчүн таанышуу кыдыруусу уюштурулду. Банк бул күнү каалагандардын бардыгы үчүн эшигин кеңири ачып, үч кабаттан турган имараттын ар бир бөлмөсү, банк адистери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.   

Филиалдын директору Владислав Тен келген конокторго банк жетишкен ийгиликтер тууралуу кыскача баяндап, атайы VIP-зал жана депозитарий менен тааныштырды. «Биз бул имаратты  кардарлар үчүн толук ыңгайлуулукту түзүү максатында курдук. Бул жерде бардыгы ойлонуштурулуп, пландаштырылган. Операциялык зал, лаундж-жайы, VIP-тейлөө жана касса жайы, өзгөчө жасалгаланган интерьер жана баалуулуктарды жана баалуу буюм-заттарды сактоо үчүн каралган ишенимдүү депозитарий эл кызматында. Мындай имаратты куруу үчүн көп жерди тандадык, жыйынтыгында келип борбор калаабыздын чок ортосунда заманбап банк кызмат көрсөтүүсүн сунуштаган жаңы филиал пайда болду», - деп филиалдын директору мактаныч менен белгиледи.

Жаңы филиалдын жайгашкан орду менен кең-кесири таанышып чыккандан кийин келген конокторду кофе-брейк жана эсте каларлык белектер күттү. Бардык келгендерге интернет-банкингге акысыз туташуу мүмкүнчүлүгү сунушталып,  (акция июль-август айларында жүрөт), ошондой эле VISA Gold картын акысыз алуу сертификаты тапшырылды.

 

Жалпы трансформациялануунун алкагында бул филиал эң мыкты сервисти жайылтуу жагында алгачкы долбоор болуп саналат. Филиалдын ишине ыраазы болгон ар бир кардар банк жетишүүгө көздөгөн баалуулуктардын бири. Банк кызматкерлери тейлөө сапатын жогорулатуу жагында туруктуу иш алып баргандыктан, бул олуттуу натыйжага жетишүүгө өбөлгө түзүүдө.

Филиал 2017-жылдын 18-майынан тартып өз ишин жөнгө салгандыгын эскертип кетмекчибиз. Филиал Бишкек шаары, Киев көчөсү (Шевченко көчөсү менен кесилишкен жерде) 192 дареги боюнча өз кардарларын саат 08.30дан 16.30га чейин чыдамсыздык менен күтөт.

“Азия Банкы” ЖАК рынокто 19 жылдан бери ишенимдүү иштеп келет. 2018-жылы 20 жылдык иш жыйынтыгы чыгаруу болжолдонууда. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоо, корпоративдик социалдык жоопкерчиликтүүлүктү жана туруктуу өнүктүрүүнү бекемдөө жагында жигердүү иш алып барып, өлкөнүн туруктуу, ишенимдүү жана ишин ийгилик коштогон финансы-кредит институту болуп саналат.

Бардык жаңылыктар