• Кыргызча
  • Русский
  • English

Visa

Бул ыңгайлуу төлөм куралы гана эмес, бүт дүйнө алкагында «Азия Банкы» ЖАКтын VISA эл аралык төлөм картасы боюнча атайын сунуштардын бардык түрү.

VISA картасы – иш сапарыңызда да, саякатыңызда да сизди коштогон ишенимдүү шерик. VISA картаңыздын балансын UNIStream акча которуу тутуму аркылуу толуктоо мүмкүнчүлүгүңүз бар. VISA эл аралык карталары сизге сапарыңызды жемиштүү, ыңгайлуу пландаштыруу, авиа билет, авто жана мейманканы брондоо үчүн көптөгөн шарттарды түзүп берет.

VISA эл аралык картасы VISA-онлайн тутуму иштеген бардык жерде кабыл алынат. «Азия Банкы» картанын эки: VISA Classic жана VISA Gold түрүн сунуштайт.

“Орток түйүндүн” банкоматтарында VISA карталарын тейлөө

Сиздин ыңгайлуулугуңуз жана убактыңызды үнөмдөө үчүн биздин банк “Орток түйүн” түзүү боюнча сегиз банк: «КИКБ» ЖАК, «Айыл Банк» ААК, «Дос-Кредобанк» ААК, «Бакай Банк» ААК, "Капитал Банк" ААК, «ФинансКредитБанк КАБ» ААК, «БТА Банк» ЖАК менен өнөктөштүк келишимине кол койгон.

Мындан улам “Орток түйүндөгү” аталган банктардын банкомат жана POS-терминалдарында да биздин кардарлар “Азия банкынын” тарифтери боюнча тейленет.

  • Банкоматтардын саны (АТМ) – 416-дан ашык
  • POS-терминалдардын саны – 607-ден ашык

VISA CLASSIC

VISA CLASSIC эл аралык картасы – бул банкоматтарды, реалдуу жана виртуалдуу дүкөндөрдү, ошондой эле почта жана телефон боюнча товарларды жана тейлөө кызматтарын сунуштаган дүкөндөрдү кошкондо дүйнө боюнча VISA логотиби менен белгиленген каалаган түйүндө кабыл алынуучу эл аралык төлөм инструменти.

VISA CLASSIC картасы – банк карталары менен пайдалануу тажрыйбасы бар кардарлар үчүн арналган, ошондой эле туруктуу кирешеси бар керектөөчүлөр арасында белгилүү, анткени ыңгайлуулуктун, тандоонун жана каржылык ийкемдүүлүктүн кепилдигин берет.

Дебеттик карта


  • Калктын туруктуу кирешеси бар ортоңку катмары үчүн карта
  • Интернет жана телефон аркылуу сатылган товар акысын төлөө
  • “Саякаттагылар үчүн ыкчам жардам” программасы
  • Contact акча которуу тутуму аркылуу картанын балансын толуктоо
  • Моновалюталык эсеп: сом же АКШ доллары
  • Жылдык тейлөө – 300 сом

VISA GOLD

VISA GOLD эл аралык картасы – кирешеси жогору кардарларга багытталган кошумча кызмат жана артыкчылыктардын кеңири диапазонун сунган премиалдык карта.

VISA GOLD “алтын” даражалуу желим дебеттик картасынын ыңгайлуулугун жана төмөндөгү кошумча кызматтардын кеңири топтомун айкалыштырат:

  • картаны жоготуп алган учурда ыкчам түрдө накталай алуу;
  • жоготуп алуу боюнча арыз берилгенден кийинки эле иш күнү картаны тез алмаштыруу;
  • дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, телефон аркылуу медициналык жана юридикалык акысыз көмөк көрсөтүү. 
 

Дебетовая карта

 


  • Саякаттоону сүйгөндөр үчүн премиалдык карта
  • СТИде атайын сунуш жана арзандатуулар: www.visa.com.ruwww.visa.com.uawww.visa.com
  • “Саякаттагылар үчүн ыкчам жардам” программасы
  • Contact акча которуу тутуму аркылуу картанын балансын толуктоо
  • Моновалюталык эсеп: сом же АКШ доллары
  • Жылдык тейлөө – 1000 сом (1-жылы), кийинки жылдары – 2000 сом

"ЖЕТКИЛИКТҮҮ ПАЙДА" АКЦИЯСЫ

“Банк Азии” «Жеткиликтүү пайда» акциясын  2019-жылдын 31-октябрына чейин узартат!

Сизде VISA Classic картасын бекер же  VISA Gold картасын төмөндөтүлгөн тарифте алуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк бар!

Акцияга катышуу үчүн биздин банктын каалаган бөлүмүнө кайрыласыз жана белекке  Classic же Gold картасынын каалаган статусу менен VISA эл аралык төлөм системасынын картасын белекке аласыздар. Баары жеңил жана оңой!

 Банк Азии банктык төлөм картасынын пайдалануу эрежелери

Типы мошенничества

Картаны жоготкондо же уурдатып алганда, сиз картаны төмөнкү телефондорго бир эле чалуу менен бөгөттөп койсоңуз болот:

Банк аралык процессинг борбору: +996 (312) 637696; +996 (312) 664325 (күнү-түнү)

Банктын Call-борбору: 0 (312) 910707 (күнү-түнү)

Банктын башкы кеңсесинин кабылдамасы: 0 (312) 550001 (иш күндөрү, 08:30-16:30)

Банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү башкармалыгы: 0 (312) 310021 (иш күндөрү, 08:00-17:00)

 

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию