• Кыргызча
  • Русский
  • English

Visa

Бул ыңгайлуу төлөм инструменти гана эмес, “Азия Банкы” ЖАКтан VISA эл аралык төлөм караталары боюнча бүтүндөй дүйнө боюнча атайын сунуштардын бир топ спектри.

VISA картасы – Сизди иш сапарларда да, саякаттарда да коштоп жүрүүчү Сиздин ишеничтүү жолдошуңуз. Сизде Anelik жана UNIStream акча которуу системалары аркылуу VISA картасынын балансын толтуруу мүмкүнчүлүгүңүз бар. “Азия Банкы” ЖАКтан VISA эл аралык караталары Сиздин сапарды натыйжалуу жана ыңгайлуу пландаштыруу, авиабилеттерди, унааларды жана мейманканаларды брондоо үчүн Сиздин алдыңызда көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

VISA эл аралык картасын VISA - онлайн системасы иштеген бардык жерде кабыл алат.

VISA CLASSIC

VISA CLASSIC эл аралык картасы – бул банкоматтарды, реалдуу жана виртуалдуу дүкөндөрдү, ошондой эле почта жана телефон боюнча товарларды жана тейлөө кызматтарын сунуштаган дүкөндөрдү кошкондо дүйнө боюнча VISA логотиби менен белгиленген каалаган түйүндө кабыл алынуучу эл аралык төлөм инструменти.

VISA CLASSIC картасы – банк карталары менен пайдалануу тажрыйбасы бар кардарлар үчүн арналган, ошондой эле туруктуу кирешеси бар керектөөчүлөр арасында белгилүү, анткени ыңгайлуулуктун, тандоонун жана каржылык ийкемдүүлүктүн кепилдигин берет.

VISA GOLD

VISA GOLD эл аралык картасы – кошумча тейлөө кызматтарынын жана артыкчылыктардын кеңири диапазонун караштырган, кирешеси жогору материалдык жактан камсыздандырылган карадарлар үчүн арналган сыйлык картасы. VISA GOLD дебет картасынын ыңгайлуугу менен “алтын” пластигинин кадырын жана төмөнкүдөй кошумча тейлөө кызматтарынын кеңири жыйындысын камтыйт:

  • картаны жоготкон учурда накталай акчаларды тез арада берүү;

  • жоголгондугу тууралуу арыз бергенден кийин кийинки жумушчу күнү картаны тез арада алмаштыруу;

  • дүйнөнүн каалаган бурчунда телефон боюнча акысыз медициналык жана юридикалык колдоо көрсөтүү.

Саякатчыларга зарыл болгон маалыматты берүү:

  • визалык режим;

  • бажы эрежелери;

  • вакцинациялар боюнча талаптар;

  • элчиликтер жана консулдуктар менен байланышуу;

  • отелдерди брондоо программасы HotelClub (www.hotelclub.com/visa/ru);

  • бүтүндөй дүйнө боюнча соода ишканалардын арзандатуулары жана башка сунуштары.

  • Жогоруда берилген тейлөө кызматтарынын толук сүрөттөлүшүн Visa www.visa.com.ru, www.visa.com. сайтынан таба аласыздар.