• Кыргызча
  • Русский
  • English

Visa

Бул ыңгайлуу төлөм куралы гана эмес, бүт дүйнө алкагында «Азия Банкы» ЖАКтын VISA эл аралык төлөм картасы боюнча атайын сунуштардын бардык түрү.

VISA картасы – иш сапарыңызда да, саякатыңызда да сизди коштогон ишенимдүү шерик. VISA картаңыздын балансын UNIStream акча которуу тутуму аркылуу толуктоо мүмкүнчүлүгүңүз бар. VISA эл аралык карталары сизге сапарыңызды жемиштүү, ыңгайлуу пландаштыруу, авиа билет, авто жана мейманканы брондоо үчүн көптөгөн шарттарды түзүп берет.

VISA эл аралык картасы VISA-онлайн тутуму иштеген бардык жерде кабыл алынат. «Азия Банкы» картанын эки: VISA Classic жана VISA Gold түрүн сунуштайт.

VISA CLASSIC

VISA CLASSIC эл аралык картасы – бул банкоматтарды, реалдуу жана виртуалдуу дүкөндөрдү, ошондой эле почта жана телефон боюнча товарларды жана тейлөө кызматтарын сунуштаган дүкөндөрдү кошкондо дүйнө боюнча VISA логотиби менен белгиленген каалаган түйүндө кабыл алынуучу эл аралык төлөм инструменти.

VISA CLASSIC картасы – банк карталары менен пайдалануу тажрыйбасы бар кардарлар үчүн арналган, ошондой эле туруктуу кирешеси бар керектөөчүлөр арасында белгилүү, анткени ыңгайлуулуктун, тандоонун жана каржылык ийкемдүүлүктүн кепилдигин берет.

Дебеттик карта


  • Калктын туруктуу кирешеси бар ортоңку катмары үчүн карта
  • Интернет жана телефон аркылуу сатылган товар акысын төлөө
  • “Саякаттагылар үчүн ыкчам жардам” программасы
  • Unistream акча которуу тутуму аркылуу картанын балансын толуктоо
  • Моновалюталык эсеп: сом же АКШ доллары
  • Жылдык тейлөө – 150 сом

VISA GOLD

VISA GOLD эл аралык картасы – кирешеси жогору кардарларга багытталган кошумча кызмат жана артыкчылыктардын кеңири диапазонун сунган премиалдык карта.

VISA GOLD “алтын” даражалуу желим дебеттик картасынын ыңгайлуулугун жана төмөндөгү кошумча кызматтардын кеңири топтомун айкалыштырат:

  • картаны жоготуп алган учурда ыкчам түрдө накталай алуу;
  • жоготуп алуу боюнча арыз берилгенден кийинки эле иш күнү картаны тез алмаштыруу;
  • дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, телефон аркылуу медициналык жана юридикалык акысыз көмөк көрсөтүү.

Дебеттик карта


  • “Саякаттагылар үчүн ыкчам жардам” программасы
  • Unistream акча которуу тутуму аркылуу картанын балансын толуктоо
  • Моновалюталык эсеп: сом же АКШ доллары
  • Жылдык тейлөө – 1000 сом (1-жылы), кийинки жылдары – 2000 сом