• Кыргызча
  • Русский
  • English

Аманаттар

«Азия Банкы» ЖАК Сиз үчүн максималдуу пайдалуу жана ыңгайлуу шарттарда Сиздин капиталды сактоо жана көбөйтүү үчүн аманаттардын (депозиттердин) ар кандай түрлөрдүн сунуштайт.

Сиздин аманаттар “Банкттык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

Аманаттар төмөнкүдөй валюталарда кабыл алынат: кыргыз сому, АКШ доллары же евро.

Сизге ыңгайлуу болсун үчүн аманаттар боюнча эсептелинген пайыздар «Азия Банкы» ЖАКтын төлөм карталарына которулат.

Аманаттар боюнча кошумча маалымат:

  • аманаттардын бардык түрлөрү боюнча пайыздык чендер жылдык эсептөө менен көрсөтүлөт;

  • жылдык натыйжалуу пайыздык чени ар бир аманат боюнча өзүнчө эсептелинет жана келишимде көрсөтүлөт;

  • акча каражаттарынын өлчөмүнө жана аманатка коюу мөөнөтүнө жараша аманатчыга жана келишимден негизинде, өзгөчө пайыздык чендер берилиши мүмкүн.