• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Комплаенс

Террордук уюмдарды каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын легализациялоого (адалдаштарууга) каршы туруу соңку 25-30 жылда дүйнөлүк масштабдагы негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Бир каржылык институттун да, бүтүндөй бир мамлекеттин да каржылык тутумун талкалоочу эл аралык бул көйгөйгө бөгөт коюу үчүн дүйнөлүк коомчулук бир катар чараларды көрүп келет.

«Азия Банкы» ЖАК 06.08.2018-жылдагы №87 "Терроризмди же экстремизмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын укуктук-ченемдик актыларын жетекчиликке алуу менен өз ишмердигин жүргүзөт.

«Азия Банкы» катталган мамлекеттеринин аймагындагы башкаруу органдарына туруктуу тиешеси болбогон резидент эмес банктар менен мамиле түзбөйт жана иш алпарбайт. Ошондой эле анонимдик (бирөөгө тиешелүү болбогон) эсеп ачпайт.

Комплаенстин максаты жана милдеттери:

  • Мыйзам бузуу жана банктын беделин түшүрүүчү, ошондой эле кардарлардын акча каражаттарын сактоону камсыздоодогу тобокелдиктерди азайтуу;
  • Банк кызматтарын террордук ишмердикти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) үчүн пайдаланууга жол бербөө боюнча банктын ички көзөмөл тутумун уюштуруу;
  • Ички көзөмөл программасын, тийиштүү жол-жоболорду, ошондой эле ТИК/ККЛКА боюнча уюштуруу чараларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
  • Банктагы тутумдун мыйзамдарга жана жөнгө салуучу (регулятивдик) актыларга ылайык келерин талдоо боюнча дайым программаларды өткөрүү.

Комплаенс-көзөмөл кызматы менен байланышуу үчүн:

Тел.: +996 (312) 554779

E-mail: compliance@bankasia.kg

  • ТИК/ККЛКА – Террордук ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени легализациялоого (адалдаштырууга) каршы аракеттенүү

-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию