• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Тарыхый маалым кат

«Азия Банкы» ЖАК 1998-жылдын 10-февралында түзүлгөн (Улуттук банктын 1998-жылдын 17-ноябрындагы №42 лицензиясы)  жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъектиси катары катталган. «Азия Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасында 100% чет өлкө капиталын тартуу менен түзүлгөн банктардын катарына кирет.

Банктык кызмат көрсөтүүнүн толук топтомун: юридикалык жактарды жана жеке адамдарды кредиттөө, аккредитивдерди, банктык гарантияларды сунуштоо, депозиттер, кардарларды эсептешүү-кассалык тейлөө, валюталык операцияларды жүзөгө ашыруу, акча которуулар, VISA жана Элкарт төлөм карталары менен иш алып баруу банктын негизги иш багыты болуп саналат.

Бүгүнкү күндө «Азия Банкы» ЖАК кесипкөйлөрдүн биргелешкен күч-аракети менен түзүлгөн ишенимдүү финансылык түзүм. Банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы атаандаштыктын артып жаткан шартында банк жана анын кызматкерлери ишкердик чөйрөсүндө ишенимдүү жана акыйкат иш алып барган өнөктөш катары татыктуу аброюн тастыктоо менен өз ара алгылыктуу мамиленин негизинде иш алып барууда. Кардарлардын ишениминин артышы банк ишинин  туруктуулугуна, маалыматтардын купуя сакталышына кепилдик берүү менен ачык-айкын иш алып баруу туура чечим кабыл алууга өбөлгө түзөт.   

«Азия Банкы» ЖАКтын кызматкерлери – жалпы максатка жетишүү үчүн биргелешип иш алып барган кесипкөй адистер.

Учурда алдыңкы банктык технологияларга  таянуу менен ар тараптан кылдат иштелип чыккан өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу аркылуу банктык кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтип финансы рыногунда жигердүү иш алып барып жатат. Мындан аркы өнүгүү жолунда Банк жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүүнү, филиал түйүнүн кеңейтүүнү, корреспонденттик мамилелерди арттырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүү рыногунда кесиптик иштин жогорку деңгээлин калыптандырууну пландаштырып жатат.

Банк өнүгүү стратегиясында рынокто ээлеген үлүштү, кардарлардын бардык тобу үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүн андан ары кеңейтүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун электрондук каналын өркүндөтүү, ошондой эле Банк ишинин туруктуулугун бекемдөө максаттарын камтыган. 

 


-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию