Жалпы бөлүмдүн башчысы - катчы
Филиал: БАШКЫ КЕҢСЕ
Жарыялоонун датасы: 12 июля 2021
Квалификациялык талаптар:
Билими: жогорку/кесиптик-техникалык.
Иш стажысы: финансылык-банктык системада документтер менен иштөө тажрыйбасы үч жылдан кем эмес.
КР мыйзамдарын, банктык ишти жөнгө салуучу жана иштин спецификасын аныктоочу ченемдик жана инструктивдик документтерди билүү.
Функционалдык милдеттери:
- Банктын жалпы бөлүмүнүн ишине жалпы жетекчиликти уюштуруу жана ишке ашыруу;
- Жалпы бөлүмдүн өндүрүшүндө турган документтердин, анын ичинде кириш документтердин түп нускаларын жана ченемдик-буйруктук документтердин эсебин жана сакталуусун камсыздоо;
- Банктын ички ченемдик документтерин, ошондой эле жалпы бөлүмдүн ишине тийиштүү башка жумушчу документтерди иштеп чыгуу;
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин уюштуруу жана киргизүү, түзүмдүк бөлүмдөргө, филиалдарга жана сактык кассаларына методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- Банктын башкармалыгынын документтерин жана материалдарын системалаштыруу жана архивдештирүү, иш кагаздарын жүргүзүү;
- Башкармалыктын жыйындарын уюштуруу, анын ичинде Банктын башкармалыгынын жыйындарынын стенографиялык протоколдорун жүргүзүү жана тариздөө;
- Башкармалыктын чечимдеринин тапшырмасын аткаруу жана иш-чараларды ишке ашырууну контролдоо;
- Банктын Башкы кеңсесинин иш номенклатурасын жалпылоо жана бекитүү;
- Банктын Башкы кеңсесинин архивдик ишин уюштуруу;
Жеке сапаттар:
Адамдар жана документтер менен иштөөгө багыт алуу, аткаруучулук, алдына милдет коюу жана аны аткаруу, стресске туруктуулук, жумушка натыйжалуу жөндөмдүүлүк.
Милдеттүү түрдө кызмат ордун көрсөтүү менен резюмени tm@bankasia.kg электрондук почтасынын дарегине жөнөтүү керек..
Кызмат орду көрсөтүлбөгөн резюме каралбайт. Тиешелүү талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.