• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Персоналды башкаруу бөлүмүнө алдыңкы адис

Филиал: БАШКЫ КЕҢСЕ

Жарыялоонун датасы: 11 августа 2021

Квалификациялык талаптар:

Билими: Жогорку экономикалык.

Персоналдарды башкаруу багыты боюнча иш стажысы 3 жылдан кем эмес;

-  финансылык чөйрөдөгү стажысы  1 жылдан кем эмес.

КР мыйзамдарын, банктык ишти жөнгө салуучу жана иштин спецификасын аныктоочу ченемдик жана инструктивдик  документтерди билүү.

 Функционалдык  милдеттери:

Персоналдарды издөө жана тандоо

  • Банктын персоналдарды тандоо принциптерине жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин талаптарына ылайык,  Банкты квалификациялуу персоналдар менен комплекттөө максатында персоналдарды тартуу, издөө, тандап алуу жана жалдоону уюштуруу;
  • Өзүнө тарткан жагымдуу иш берүүчү катары оң имиджди түзүү боюнча иштөө (HR - брендинг);
  • Персоналдарды камсыздоо боюнча Банкты кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча иштердин долбоорлоруна катышуу;
  • Банктын сандык жана сапаттык адам ресурстарына, кадрларга болгон муктаждыктарын жана болжолдорун иштеп чыгуу;
  • Эмгек рыногун изилдөө, окуу жайлар жана жумуштуулук кызматтары менен түз байланыштарды, окшош профилдеги уюмдар менен контакттарды түзүү,  уюмдун ичиндеги кызматчыларга бош жумуш орундар жөнүндө маалымдоо, кызматчыларды жалдоо жөнүндө жарыяларды жайгаштыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу;
  • ЖОЖдордун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын келишимдик  негизде камсыздоо;
  • Банкта жаш адистердин такшалуу процессин  жана Банкты зарыл болгон квалификациялуу персоналдар менен камсыздоо үчүн алардын өнүгүшүн уюштуруу;

Персоналдын көнүшү

  • Кыйла кыска мөөнөттө зарыл болгон натыйжалуу ишке жетүү үчүн жаңы кызматчынын кызмат ордуна кирүү процессин уюштуруу;
  • Корпоративдик маданият жана жүрүм-турум эрежелеринин негизги ченемдерин өздөштүрүү боюнча процессти уюштуруу;
  • Жаңы кызматчынын сыноо мөөнөтү бүткөндөн кийин көнүү процессинин жыйынтыгын чыгаруу жана контролдоо, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, куратор  менен бирге ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келерин баалоо;

Окутуу жана өнүктүрүү

  • Банктык жана кадрдык саясаттын максаттары жана стратегияларына ылайык Банктын персоналдарынын кесиптик билимин, билүүсүн жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу;
  • Персоналдардын  квалификациясын жогорулатуу, окутуунун ар кандай формаларын иштеп чыгуу (жаңы кабыл алынган жаш адистер үчүн, атайын багытка адистештирилген окутуу, Банктын муктаждыктарынын негизинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн атайын тренингдер;
  • Банкты керектүү, квалификациялуу персоналдар менен камсыздоо жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү максатында, ошондой эле кадрдык резервди түзүү үчүн ички окутууларды уюштуруу жана алардын  үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүшүн контролдоо;
  • Окутуу семинарларынын материалдары боюнча китепкана түзүү.
  • Персоналдарды башкаруу боюнча белгиленген мөөнөттө белгиленген ички регламенттештирүүчү документацияларды, белгиленген статистикалык отчеттуулукту түзүүнү камсыздоо;
  • Кызматчыларды сыйлоо жана сый акы берүүгө материалдарды даярдоо;
  • Корпоративдик майрамдарды уюштуруу, социалдык мүнөздөгү иш-чараларды иштеп чыгуу;

Жеке сапаттар:

Аткаруучулук, милдеттерди коюу жана аларды аткаруу, стресске туруктуулук, жоопкерчиликтүүлүк, көңүл коюучулук, ак ниеттүүлүк, ишке жогорку жөндөмдүүлүк, адамдар жана документтер менен иштөөгө багыт алуу.

Резюме калтыруу Анкетаны толтуруу

Милдеттүү түрдө кызмат ордун көрсөтүү менен резюмени tm@bankasia.kg электрондук почтасынын дарегине жөнөтүү керек..

Кызмат орду көрсөтүлбөгөн резюме каралбайт. Тиешелүү талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

Бардык вакансияларды карап чыгуу

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию