• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Ийгилик таржымалы

Аманкожоев Мирбек

Борбор филиалынын Директору

Мен "Азия Банкы" ЖАКына стажер болуп келгем. Мен Банктын тез жана ийгиликтүү өнүгушүнүн күбөсү боло алдым. Бул мага тырышып иштөөгө демилге берип, компанияда туруктуу жумуш алууга мүмкүндүк түздү. Банкта ийгиликке жетишүү үчүн мага төмөнкүдөй сапаттар жардам берди: тырышчаактык, чыдамкайлык, ак ниеттүүлүк, коммуникабелдүүлүк, максатка умтулуу. Мен өз ишимди, жумушумду жакшы көрөм, чыдамкайыраак болууга жана билимдеримди туруктуу тереңдетип турууга аракет кылам.  

Ким Александр

Банктык төлөмдөрдү тейлөө кызматтар башкармалыгынын Эмиссия бөлүмүнүн башчысы 

Мен "Азия Банкы" ЖАКына 2009-жылы келдим. Банкта иштеген жылдардын ичинде мен мыкты менеджментти, күчтүү кадрларды жана ынтымактуу жамаатты көрө адым. Мен кесиптештерим жана жетекчилик менен өз ара мамилелерибизди жакшы жолго сала алганыма абдан кубанычтамын. Бул ишимде жана чоң тажрыйба алууда мага абдан жардам берди. Мен бир нече бөлүмдөрдө иштедим, бул мени Банкта пайдалуу жана керектүү  кызматкер болуп калууга мүмкүндүк берди.  

Мусилинова Нуржана

Регионалдык координатор

Менин жетекчилеримдин бири мындай деп айткан: “Жакшы жетекчи болуш үчүн, биринчиден жакшы аткаруучу болуш керек”. Практикадан өткөндөн кийин мен насыя адиси кызматында туруктуу ишимдин орду катары "Азия Банкы" ЖАК тандап алгам.  Карьерада белгилүү бир максатка жетип, мен алдыга жаңысын коюп, ага жетишүүгө умтулгам.  Мында мага тырышчаактык, тажрыйбалуу кесиптештеримдин окутуусу, көбүрөөк билүүгө умтулганым, мени жана менин жумушумду баалаган  Банктын жетекчилигинин колдоосу жардам берди.

Джумалиев Нургазы

Казыналык бөлүмүнүн башчысы

Мен "Азия Банкы" ЖАКтын акча котруулардын тез системалар, валюталык жана казыналык сыяктуу бөлүмдөрүндө иштеп келгем. Максат катары мен өз ишимдин профессионалы болууну койгом. Тырышчаак, тез үйрөнө алуу сапаттарымдын жардамы жана жетекчиликтин колдоосу менен мен алдынкы адис болууга жетиштим. Өзүмдүн ишимде мен: “Максат тандап алууда, жылдыздарга тийүүдөн коркпой, бийик көздөө” принцибин   жетекчиликке алам. 

Рыскулова Айнура

Төлөмдөр жана эсептешүү башкармалыгынын башчысы

Универститетти аяктагандан кийин мен алган билимдеримди, идеяларымды практика жүзүндө пайдалануу,  өзүмдүн продуктивдүүлүгүмдү жогорулатуу жана ийгиликтүү карьералык өсүү үчүн Банкта иштегим келди. "Азия Банкы" ЖАК менин негизги максатым Банк менен бирге өсүү жана өнүгүү болду. Өзүмдүн ишмердүүлүгүмдө мен дайыма демилге көрсөтүүгө, милдеттеримден качпоого, коммуникабелдүү болууга жана командада иштөөгө аракет жасап келгем.  Менин оюмча чыныгы ийгилик, жетилгис болуп көрүнгөн максатты тандап алгандарга келет. 

.


-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию