• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Тике дебеттөө

Күндөлүк турмушта ар бирибиз турак-жай коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөөдө ар кандай кыйынчылыктарга, айталык: өз учурунда төлөнбөй калышы, кассада зарыгып кечке кезекке туруу, натыйжада убагында төлөбөгөндүктөн жарыксыз, газсыз, суусуз. калуу сыяктуу жагдайларга туш болуу көнүмүшкө айланган. Ошондой болсо да «Азия Банкы» ЖАК мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн эң эле жөнөкөй, дароо чечүүнүн жолун тапкан. Банктын «Тике дебеттөө» долбоору жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлүү маселелерди эч кандай кыйынчылыксыз чечүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Мисалы, турак-жай коммуналдык кызматтарды мөөнөтүндө так төлөө үчүн:

  •  банкта эсеп ачуу;
  • тике дебеттөө аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө банк менен келишим түзүү;
  • турак-жай коммуналдык чарбасына өтүнүч кат  жазуу.

Төмөнкүлөр бул долбоордун артыкчылыгына толук баа берүүгө өбөлгө түзөт :

  • турак-жай коммуналдык чарба алдында финансылык карыздын жоктугу;
  • бардык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүшү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдө чыгашаларды контролдукка алуу ;
  • ар бир төлөмдөн кийин кардар ишке ашырган төлөмдөрдүн боюнча көчүрмөсүн алышы  
  • убакыттын үнөмдөлүшү.

Эгерде эсебиңизде төлөө үчүн акча каржаты жок болсо, банк ОВЕРДРАФТ кредиттик кызматын сунуштайт. Ошентип, бардык төлөмдөрдүн учурунда төлөнүшү үчүн кепилдик берилет.

 «Тике дебетөө» ишенимдүү жана универсалдуу жардамчы!


-->
Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию