• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банк кызматкерлери жаңы конуштарда ишкер аялдар үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренинг ѳткѳрүштү

06 июль, 2018-жыл

Чакан жана орто бизнес менен кызматташуу - «Азия Банкы» ЖАКтын ишин илгерилеткен негизги багыттардан. Натыйжалуу финансылык инструменттерди иш тажрыйбада колдонуу зарылчылыгын түшүнүү бизнестин ѳнүгүшүнѳ ѳбѳлгѳ түзѳт. «Азия Банкы» ушуну жакшы түшүнүү менен 20 жылдан бери окутуу ишин жѳнгѳ салып, ар кандай банктык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сунуштап,  консультациялык кеп-кеңештерди берүү менен чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳ түзүп келет.

 

Июнь айында «Борбордук Азиянын социалдык ишкерлер ассоциациясы» коомдук бирикмесинин чакыруусу боюнча банк жетекчилиги социалдык ишкерликке арналган форумга катышып келген. Банктын Директорлор кеңешинин тѳрагасы форумга катышкан ишкер аялдар үчүн атайын лекция окуп, аларга банктын заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы филиалына (Киевская) келип кетүү ѳтүнүчү менен кайрылган. Ал банк жаңыдан иш баштап жаткан ишкерлерге бир катар тренингдерди ѳткѳрүп, аларга ар тараптан колдоо кѳрсѳтүү максатын кѳздѳп, пландаштырып жаткандыгын белгилеген. 

 

4-июль күнү мына ушундай жолугушуу болуп ѳтүп, анда келген меймандар банктын операциялык процесстери менен таанышып, банк кызматкерлери менен жолугушуп, маркетинг, кредиттѳѳ жана карттар менен иш алып баруу жагында билим деңгээлин жогорулатышып, бизнес чѳйрѳсү боюнча пикир алмашып,  ал эми банк жетекчилиги алардын бизнес пландарына баа берүүгѳ жетишкен.

 

Бир катар тренингдерден кийин кредиттик адистер ар бир бизнес-планга талдап-иликтѳѳлѳрдү жүргүзүп, жаңыдан иш баштап жаткан ишкерлерге кредиттѳѳ маселелери боюнча баалуу кеп кеңештерин берген. Маркетинг боюнча тренингге келген меймандарга брендинг боюнча консультациялар берилип, иштеп жаткан ишканалардын ишинин натыйжалуу илгерилеши үчүн айкын маркетингдик инструменттер сунушталган. Банктын Карттар менен иш алып баруу башкармасынын жетекчиси банктын тѳлѳм кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнѳ туура пайдалануу жана карттар бизнести ѳнүктүрүүгѳ кандайча жардам бере ала тургандыгы тууралуу маалыматтарды берген.

Маанилүү бул иш чара боюнча  видеоролик да тартылган.

Албетте, бизнести ѳнүктүрүү жагында олуттуу ой пикирлер менен бѳлүшүп, тажрыйба алмашууга шарт түзүп бергендиги үчүн «Борбордук Азияда социалдык ишкерлер ассоциациясы» бирикмесине терең ыраазычылык билдирлип, ал эми ишкер аялзатына бизнес процесстерди жакшыртуу жагында каалоо тилектер айтылган.

«Азия Банкы» ЖАК быйылкы жылы 20 жылдыгын белгилейт. Бул мааракеге банк туруктуу жана ишенидүү иш алып барган финансы-кредиттик уюм экендигин  тастыктоо менен жетишкен. Ынтымактуу, кардар ишенимине ээ болгон жамаат – бул биздин баалуулук. Банкта кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү жогорку сапатта сунуштоо приоритеттүү багыт. Ар бир келүүчү биздин кадырлуу мейман, демек, биздин эшик алар үчүн дайыма ачык


 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию