• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Долбоор #билимдүүөлкө. Китеп чогулуп жаткандыгыбызды жарыялайбыз

27 сентябрь, 2018-жыл

Китептер... жашоо-турмушубузда алар канчалык маанилүү? Ушул ааламдашуу учурунда китеп окууга убактыбыз барбы, ага биз канчалык маани беребиз? Динамикалык өнүгүп жактан доордо көпчүлүк убактыбызды иштен өткөрүп, саясат, экономика, социалдык маселелер боюнча кыскача жаңылыктардан маалымат алып, ошол менен гана чектелип, канаттанып келебиз. Демек, китеп окуганга ниет да, убакыт да жок калгандай... Айрымдарыбыз кесибибизе тиешелүү адабияттарды барактап коюшубуз мүмкүн.

Ал эми китеп дүкөндөрүнө барып, текчелерге кас-катар тизилген китептерди көрүп, каалаган китебиңди алып, ошол жерден эле барактап, баш сөзүнө көз жүгүртүп, анын кыскача мазмуну менен таанышып, кызыктуу окуяга сүңгүп кирип, анын кармандарына аралашыпкитеп тандоонун өзү канчалык кызыктуу, кайталангыс бир керемет сезим...

Көпчүлүк учурда биз китепти үстүртөн, маани-маңызына тереңдеп аралашпастан окуганды адатка айлантканбыз, анткени китепти жолдо бара жатып же убакытты кыскартыш үчүн жолугушуулар ортосунда окуй калууга туура келет.

Учурда, китепти көп окуп, улам жаңы китептен ырахат алып, жаңы идеяларды жаратуу менен жан-дүйнөнү азыктандыруу табитин калыптандырып, аны адатка айландыруу учур талабы катары таңууланып жаткан кез. Китеп турмуштук оор маселелерди жеңилинен чечүүгө өбөлгө түзүп, баарлашуу кызыгуусун арттырып, социалдык чөйрөгө ыңгайлашууга жардамберет. Көз карашың канчалык кеңири, ой-жүгүртүү канчалык терең болсо, алынган маалыматтарды туура чечмелеп, алардын ичинен эң маанилүүсүн тандап алууга дарамет жетет. Демек, бул үчүн көбүрөөк окуп, заман агымынан артта калабай, анын бардык тоскоолдуктарын жеңе билүү, ага даяр болууга жаштарыбызды үйрөтүп, өзүбүз да агаүйрөнүшүбүз зарыл.

Айрыкча жаш балдарыбызга мына ушундай мамиле жетишпей жаткан сыяктуу... Эгерде ата-энелик камкордуктан, мээримдүүлүктөн тышкары, балдарында ар бир ата-эне китепти көп окуу табитин калыптандырып, окуганы боюнча алар менен ой-бөлүшүп, талкууга алууну адатка айландыра алган болсо, алардын дүйнө таанымы ошончолук артып, турмуш шартына ыңгайлаша алуусу алда канча жеңилдемек. Анткени, ата-эненин айтканын угуп, анытуу тутуу адамкерчилик сапатын азырынча эч ким жокко чыгара элек...

Бул жерде экинчи бир маселени мектеп окуучуларына, айрыкча региондордогу окуучуларга китептердин канчалык жетиштүүлүгү маселесин териштип алуу зарылчылыгы келип чыгууда. Борбор калаанын шаар тургундары жана ири борборлордун жашоочуларынын балдары гана каалаган китептер стып алууга жана керектүү китептер менен толук жабдылган китепканалар кызматынан пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы, жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдүн, жумушсуздардын балдары көркөм китепти эмес, окуу китептерин сатып алууга, интернеттен пайдаланууга кудурети жетпей келет.

Мына ушундай көйгөйлөр орун алып жаткан шартта өлкөнүн эртеңкисинен эмненикүтүүгө болот. Кыргызстанды эртең кандай турмуш күтүүдө? Келечек муундун тагдырыкандай болот? Мына ушул маселе бардыгыбызды ойлонтуп, түйшөлтүүдө.

Көкөй кести көйгөй жараткан ушул маселени талкууга алуу менен биздин команда окурмандардын кароосуна сунушталып жаткан #билимдүүөлкө концепциясын иштеп чыккан. Бул банк ишинин социалдык багыттарынын бири. Өлкөдө билим берүүнү өнүктүрүү, чоңдор арасында китеп окуу маданиятын бекемдөө жана бул маанилүү багытка жаштарды таасирдүү тартуу, ошол аркылуу калктын финансылык сабатуулугун жогорулатуу менен социалдык түйүндөрдө чагылдырылган темалар боюнча кызуу талкууну басаңдатуу, ошондой эле кесиби боюнча адабияттарды тереңдетип окууга, көркөм адабиятка кызыгууну арттырып, дилгирликти бекемдөө – аталган концепциянын негизги максаты.

Бул маселеге кайдыгер карабаган жарандар менен биргеликте ар кандай кызыктуу иш-чараларды өткөрүү аркылуу биз өзгөчө бае баалуулукту бекемдеп, ага кеңири коомчулукту тартып Окуганды жакшы көргөн Кыргызстан деп аталган жаңыланган билимдүү өлкөнүн келечек ээлерин тарбиялоону көздөп жатабыз. Албетте, бул өлкөэкономикасына, анын социалдык секторунун өнүгүшүнө да алгылыктуу таасирин тийгизет. Анткени ар тараптан маалыматы бар билимдүү инсан – өлкөнү алдыга жылдырууга өз салымын кошо алган таасирдүү адам ресурсу. Айрыкча бул иш-чара өлкө президенти жарыялаган Региондорду өнүктүрүү жылында жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө өз чыгармалары менен салым кошуп, көркөм сөз өнөрүнүн багытын өзгөртүүгө жетишкен кыргыздын чыгаан уулу, кайталангыс талант, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына тушташ өткөрүлүп жатышы да бекеринен эмес.

Банк ушул концепциянын алкагында китептерди сатып алып, регионалдык мектепке тапшырууну да пландаштырып жатат. Өлкө чегинде бул иш-чара жетишсиз, мына ошондуктан бул демилгени колдоп берүүнү өтүнөбүз!

Ушуга байланыштуу, «Азия Банкы» өз филиалдары жана аманат кассалары аркылуу китеп чогултуу акциясы башталгандыгы тууралуу жарыялайт. Бул үчүн банктын 24 бөлүмүндө атайы текчелер орнотулган (тизмесин бул жерден таба аласыздар).

Демилгени колдоп, анын маани-маңызына, көздөгөн максатына кайдыгер карабаган жарандар окуу китептерин, көркөм адабияттарды алып келип тапшырган болсо, банк кызматкерлери аларды китепке муктаж болуп жаткан мектептерге, китепканаларды жөнөтөт. Албетте китептер жаңы же жакшы абалда күтүлгөн, актуалдуу темаларды камтыган китептерден болууга тийиш. Кийинки жылдын баш жагында бул иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, ал боюнча отчет банктын сайтында жана социалдык түйүндөрдө жарыялана тургандыгын да билдирип кетмекчибиз. Китеп топтоо 2018-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Бул, банктын аталган концепциянын алкагында өткөрүлүп жаткан алгачкы иш-чарасы, ал эми кийинки долбоорлор тууралуу кошумча маалыматтарды өз учурунда жарыялаптурууну караштырып жатабыз.

Урматтуу кардарлар, өнөктөштөр жана достор биздин демилгебизди колдоп, жалпы баалуулукка салып кошууну өтүнөбүз!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию