• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Азия Банкы” БААУдагы “Иш жарманкесине” катышты

01 октябрь, 2018-жыл

29-сентябрда Борбордук Азиядагы Америкалык Университети “Иш жарманкеси – 2018” иш-чарасын өткөрүп, ага “Азия Банкы” өнөктөш катары катышты.

Банк аталган жарманкеге экинчи ирет катышууда. Өткөн жылы ал бөтөнчө экостенди жана “жашыл аймагы” менен көпчүлүктүн эсинде калган.

Банктын кызматкерлери каржылык сабаттуулук, HR, IT-чөйрө жана айлана-чөйрөнүкоргоо боюнча студенттерге пайдалуу дарс окуп, мастер-класс өтүштү.

«Иш жарманкеси» – жогорку окуу жайлардын студенттери, бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын ири иш берүүчүлөрү менен жолугуп, баарлашып, резюмелерин тапшырып, ал эми катышуучу компаниялар кызматкерлерди таап, өз ара пайдалуу кызматташууга платформа жарата ала турган аянтча.

Атайын бул жарманке үчүн быйыл “Азия Банкы” өзүнүн #билимдүүөлкө концепциясынын алкагында кызыктуу фотостенд – китеп калыбындагы эки метрлик кооз инсталляцияны орноткон. Анда Design Cup-2018 чемпионатынын мыкты дизайнерлеринин эмгектери камтылган. Бул дизайнерлердин: «Алиса керемет өлкөсүндө» (Льюис Кэрролл, дизайнер: Оскар Усеналиев), «Деңиз карышкыры» (Джек Лондон, дизайнер: Акыл Садыков), «Жунгли китеби» (Редьярд Киплинг, дизайнер: Артем Ковшенин), «Тарас Бульба» (Н.В.Гоголь; дизайнер: Дастан Темирканов) жана «Ошолжөнүндө» (В.Маяковский, дизайнер: Марина Соломко), ж.б. өңдүү көпчүлүк сүйүп окуган китептердин мукабаларына өз ой чабытынан жаралган иштеринин топтому. Аталган инсталляция банктын китеп окуу, билим берүүнү колдогон социалдык багытын чагылдырып, бардык каалоочулар үчүн өзгөчө бир фото орун болуп берди.

Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө банктын кызматкерлери белгилүү чыгармаларбоюнча интеллектуалдык онлайн-оюн өткөрүштү. Ал эми сынактын жыйынтыгындажеңүүчүлөргө белек иретинде борбор калаанын китеп дүкөндөрүнүн биринен китеп сатыпалуу үчүн сертификат тапшырылды.

Эске салсак, #билимдүүөлкө долбоору – банктын социалдык өнүктүрүү багыттарынын бири. Өлкөнүн ынтызар жарандары менен чогуу-чаран ар кыл иш-чаралар аркылуу коомдун башын бириктирчү баалуулуктарды жаратууга умтулат, анын натыйжасында биз биргеликте “Билимдүү Кыргызстан” атыккан жаңыланган, билими арткан, гүлдөгөн өлкөдө жашайбыз. Долбоордун негизги максаты – улуулар арасында китеп окуумаданиятын калыптандыруу, өсүп келе жаткан муунду китеп менен ымалалаш кылуу, калктын сабаттуулугун жогорулатууга салым кошуу, социалдык медиа багытындагы дүрбөлөңдү басаңдатуу, ошондой эле окуу, кесиптик жана көркөм адабиятты барактоого чыныгы кызыгууну жаратуу.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию