"Азия Банкы" “Банктар аралык процессинг борборунун” сыйлыгына татыды
"Азия Банкы" “Элкарт Мобайл” функционалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын сыйлыгын алды.
Атайын сыйлоо аземинде Башкаруу тобунун мүчөсү Банктын атынан Тансхожаева Мария Камбарбековна чыгып сүйлөп, биринчи кезекте IPC, биздин кесиптештерди жана “Элкарт Мобайл” кызматынан көп пайдаланган кардарларга ыраазычылык билдирди.
Санарип технологиялар банк тармагына кызуу киргизилип жатканы жагымдуу көрүнүш, ал эми биздин банк мобилдик банкинг рыногунун активдүү катышуучусу болуп саналат.