“Азия Банкы” ЖАК “Жардам берүү оңой” коомдук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук кечесине катышты
“Азия Банкы” ЖАКтын кызматкерлери кайрымдуулук кечесинин конокторуна “Жардам берүү оңой” коомдук фондусу менен бирге иштелип чыккан долбоорду сунуштаган. Долбоордо “Жардам берүү оңой” кобренддик карта чыгаруу маселеси каралган.
Эми, кайрымдуулук карта аркылуу акча операцияларын ишке ашыруу менен пайыздарды коомдук фондду колдоого чегерүү мүмкүнчүлүгү жөнгө салынды.
Карта ачууга билдирмени банктын кайсы болбосун бөлүмүндө, ошондой эле коомдук фондто тариздетүүгө болот.