• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Азия Банкы” ишкерлерди өз соода түйүндөрүндө POS-терминалдарды орнотууга чакырат

20 декабрь, 2018-жыл

Урматтуу ишкерлер,

«Азия Банкы» сиздерди өз соода түйүндөрүңүздөрдө POS-терминалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрында кабыл алынган №869 “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чаралары жөнүндө” токтомунун негизинде орнотууга чакырат. Аталган токтомго ылайык, жеке ишкерлер жана юридикалык тараптар банктык карталар менен төлөм кабыл алууга багытталган жабдыктарды орнотуу жана пайдаланууну камсыздоого милдеттүү.

Сиздердин ишканалар үчүн бул кадамдын артыкчылыктары:

  • Товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү өбөлгөлөй турган төлөм ыкмаларын арбытуунун эсебинен кардарларды тейлөө сапаты жакшырат;
  • Бул кызмат жергиликтүү, чет өлкөлүк коммерциялык банктардын товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм карталарын көп колдонгон кардарларына эң ыңгайлуу келет. Биздин POS-терминалдар “Элкарт” улуттук төлөм картасын да,ошондой эле Visa эл аралык төлөм тутумун да тейлейт;
  • Элкарт жана Visa төлөм карталарын колдонуучулардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Ошондой эле электрондук коммерция да өнүгүү жолунда. Буга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү да түрткү берип келет;
  • Айрым кардарлар тарабынан алдамчылык аракеттерине байланышкан тобокелдиктердин деңгээли төмөндөйт (маселен, жасалма банкноттор менен төлөө аракети);
  • Инкассация жана накталай акча каражаттарын сактоого сарпталчу чыгымдарды үнөмдөө менен бирге эле кеңселериңиздердин коопсуздугун арттырат.

Биздин Банк менен кызматташуу сиздерге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • Жаңы заманбап ПОС терминалдарын, карта ээлерине аталган кызматты жарнамалай турган маалыматтар камтылган материалдарды алуу;
  • Сиздердин ишкана тууралуу Банкыбыздын “Төлөм карталарын тейлөө түйүндөрү” бөлүмүндөгү жарнамалык өндүрүмдөрүндө жайгаштыруу;
  • Ишканаңыздар жөнүндө “Азия Банкы” ЖАКтын расмий www.bankasia.kg сайтына маалымат жарыялоо;
  • Банктын төлөм карталары менен сатуу көлөмүн көбөйтүүгө багытталган жарнамалык кампанияларына катышуу мүмкүндүгү.

Төлөм карталарынын интернет-эквайринг боюнча банктын тарифтери:

Кызмат түрү Банк тарифи Эскертүүлөр
СТИге туташуу Акысыз  
СТИни ай сайын
кароо
560 сом  
Элкарт төлөм картасыаркылуу кызмат үчүн алынчу комиссия 1,5%* Комиссия акысытранзакция суммасынаналынат
Техникалык колдоо Акысыз Зарылдыкка жараша
Алыш-бериш эсебин ачуу Акысыз  

*Эгер банк менен кызматташуунун 6 айында POS-терминалдарга Элкарт төлөм картасынын интернет-эквайринг боюнча ар айлык төлөм көлөмү 500 миң сомдон ашса, Элкарт төлөм картасы боюнча кызмат акысы үчүн комиссия – 1,5% бойдон өзгөрүүсүз калат. Келишимге кол коюлгандан 6 (алты) ай өткөндөн кийин андай көрсөткүчкө жетпесе, комиссия 2%га чейин кайра каралат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию