• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Камсыздандыруу төгүмдөрүн Мамлекеттик салык кызматы тескейт

21 январь, 2019-жыл

Урматтуу кардарлар,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №648 “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функцияларын өткөрүп берүү чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык, 2019-жылдын 15-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча милдеттерин Кыргыз Республикасынын алдындагы Мамлекеттик салык кызматы аткармакчы.

15-январдан тарта камсыздандыруу полистеринин бланктары жана юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү боюнча квитанцияларын алуу үчүн аймактык салык органдарына (Бирдиктүү терезе), тейлөө борборлоруна жана патент берүүчү пункттарга кайрылуузарыл.

2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдерге карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостторду катталган жер боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына тапшыруу керек, себеби, 2018-жылдын жыйынтыгы Социалдык фонд тарабынан чыгарылат.

2019-жылдын январь айындагы жана андан кийинки отчеттору аймактык салык органдарына быйылкы жылдын февралынан тарта тапшырылат.

Кеңири маалыматты 1202 (СФ) жана 194 (МСК) телефон номурлары аркылуу, ошондой эле www.socfond.kg жана www.sti.gov.kg сайттарынан ала аласыздар.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию