• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банкыбыздын кызматкерлери “Сентидеги” Quiz night оюнунда биринчи орун алды

25 январь, 2019-жыл

"Азия Банкы" 24-январда өткөн “Quiz night” оюнунда биринчи орунду ээледи. Оюн “Сенти” каржылык компаниясынын негизделген күнүнө карата “Фондулук рыноктун табышмактары” темасында уюштурулган.

Оюндун максаты – Кыргызстандагы фондулук рынокту илгерилетүү жана каржылык сабаттуулукту жогорулатуу.

Аталган оюнда ар кыл компаниялардан 11 команда таймашты.

"Биз былтыр да “Сентинин” интеллектуалдык оюнуна катышып, үчүнчү орун алганбыз.Ошондо эле оюн бизге аябай жагып калган. Быйыл ага кайрадан катышууну чечтик. Суроолор абдан татаал болду, оюндун шартына жараша кошумча булактардан маалымат алуу мүмкүнчүлүгүбүз жок эле, бирок, бул кызыгуубузду ого бетер күчөтүп, бизди жеңишке жетүүгө жетеледи. Биз өз билим жана тажрыйбабызга гана таяндык.

Бул жылы “Азия Банкынын” тобу көптөн күткөн жеңишке жетти. “Азия Банкынын" жалпы командасы муну сыймык менен кабыл алды. Билим арттыруучу жана кызыктуу оюн үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз", - дейт команданын оюнчуларынын бири Александр Сдельников.

На данном изображении может находиться: в помещении

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию