• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия Банкы" "Креативдүү экономика" боюнча тегерек үстөл өткөрүүнү демилгеледи

22 февраль, 2019-жыл

21-февралда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы креативдик индустрия жана ишкерликти өнүктүрүү маселелерин талкуулоого, ошондой эле 2018-2040-жылдардагы Өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн жаңы моделин түзүүгө багытталган тегерек үстөл өттү. Аталган иш-чараны Эркин экономикалык зонаны өнүктүрүү боюнча Борбор Азия корпорациясы КР Экономика министрлиги, “Борбор Азиянын аймактык институту” аналитикалык борбору, “Азия Банкы” ЖАК жана Борбор Азиядагы Америкалык университети менен биргеликте уюштурган.

"Демилгелер, маданият, технологиялар – мына булардын баары креативдүү экономика. Соңку 10 жыл аралыгында дүйнөдө товар айлантуу эки эсеге көбөйүп, көлөмү 600 млрд АКШ долларынан ашкан эң тездик менен өсүп келаткан ушул индустрия болуп саналат. Борбордук Азия Ибн Сина, Беруни, Фараби, Хорезми, Баласагын, Фирдоуси, Навои жанабул аймактын чыгаан акылмандарынын мурастарына кайрылуу менен кайрадан бул демилгелер экономикасында эбегейсиз лидерге айлана алат. Оргуштаган демилге жана маданиятка байыртан бай келген аймак креативдик экономикага карай багыт алууга тийиш. Бул калктын бакубатчылыгын арттырып, жашыл жана акылдуу экономика концепциясын иш жүзүндө илгерилетип, дүйнөлүк рыноктогу толук белгисиздикте чоң секирикти камсыз кылмакчы", - деп белгилейт “Азия Банкы” ЖАКтын Директорлор кеңешинин төрайымы Назира Тутановна.

Тегерек үстөлдүн негизги максаты – креативдүү индустриянын дараметин, күчтүү атамекендик бренддерди жаратууда алардын салымын көрсөтүү, иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте жогорку кошумча наркы бар жергиликтүү өзгөчө өндүрүмдөрдү чыгарылышы үчүн бизнес коомчулук жана креативдүү индустриялардын өкүлдөрүнүн ортосунда туруктуу коммуникация тутумун түзүү.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн жаңы үлгүсүнүн таасирлери каралып, атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүмдөрдү жаратуу жана жайылтууга маданияттын таасири, туристтик агымдарды тартууда окуяга бай туризмдин ролу, эл аралык тажрыйба жана аймактагы креативдүү индустриянын экспорттук дарамети талкууланды.

ЭЭЗ өнүктүрүү боюнча Борбор Азиялык корпорациясынын аталган иш-чарасынын алкагында креативдүү жана инновациялык индустриялардын атайын кластерин түзүү концепциясынын бет ачары өттү. Тийиштүү резолюция кабыл алынды. Ошондой эле аркыл тармактар менен кызматташууда өлкөнүн чыгармачыл дараметин жайылтууну көздөгөн бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы бейформал аянтча катары Креативдүү индустриянын Альянсы түптөлдү.

Кошумча маалымат: Креативдүү экономика — интеллектуалдык ишмердикке негизделген экономиканын өзгөчө бутагы. Анын негизги мүнөздөмөлөрү катарында жаңы билимдерди жаратуудагы курч зарылдык алкагында жаңы технологиялардын жогорку ролу жана адам ишмердигинин ар тармагындагы ачылыштарды белгилөөгө болот. Креативдүү экономика инвестициялык климатты түзүүгө үндөп, социалдык ынтымак жана социалдык чөйрөнүн өсүшүн өбөлгөлөйт, билим берүү тармагын заманга ылайыкташтырып, жаңы социалдык мамиле, жаңы экономикалык, маданий үлгүлөрдү түптөйт.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию