"Азия Банкы" согуш жана тыл ардагерлерин Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады
Бүгүн, 25-февралда биздин команда камкордукка алган ардагерлерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, алардын ар бири менен жагымдуу баарлашып, ардагерлердин кызыктарга бай турмуш баяндарын тыңдап кайтты.
Бүгүн ардагерлерибизге көңүл буруубуз керек. Сааттын ар кагышы менен ардагерлерге көңүл буруп, алардын кайраты, эр жүрөктүгү жана эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирүүгө, тилекке каршы, сиз менен биздин убактыбыз тарып барат. Андыктан, аларга 9-майда гана убакыт бөлбөстөн, жылдын башка маалында да, алар бизди зарыгып күткөн күндөрдө да кабар алып туруу – биздин милдет.