«Банк Азии» ЖАК жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды алуу үчүн техникалык жабдуулар ПОС-терминалдарды өткөрүп берди
«Азия Банкы» ЖАК КР ИИМ ПМББга жол эрежелерин бузуу үчүн айыптарды алуу үчүн техникалык жабдуулар ПОС-терминалдарды өткөрүп берди. Банктын бул тейлөө кызматынын жардамы менен жанында «Элкарт» улуттук системасынын картасы жана эл аралык «VISA», «UPI» карталары бар кардарлар үчүн айыптарды төлөө процесси жеңилдетилет. Айыпты ошол эле жерден Патрулдук милиция кызматкерине төлөөгө болот, буга болгону бир нече мүнөт кетет.
«Азия Банкы» ЖАК 2014-жылдын октябрынан КРдин мамлекетик бюджетине төлөмдөрдү кабыл алууну тейлөө боюнча келишимдин алкагында КР ИИМдин өнөктөшү болуп саналат. Бул мезгилдин ичинде КР ИИМ ПМББ (мурда ЖКК) менен «Азия Банкы» ЖАКтын тыгыз кызматташуусунан улам «Мобильник» ЖЧК төлөө терминалдары аркылуу ЖЭБ айыптары боюнча төлөмдөр кабыл алынып, КРдин мамлекеттик бюджетине 11 млн. сомдон ашык акча каражаттары которулду