• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» #китепокуганөлкө долбооруна салым кошкон дизайнерлерге ыраазычылык билдирди

17 апрель, 2019-жыл

16-апрель күнү «Азия Банкы» ЖАК кеңсесинде Design Cup эл аралык сынагына катышкан дизайнерлер менен жолугуп, ыраазычылык билдирди. Алардын ой чабытына таандык эмгектер #китепокуганөлкө долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Банктын фирмалык календарынын негизги жасалгасы катары пайдаланылды.

«Азия Банкы» дизайнерлерге бул долбоордо көмөк көрсөткөндөрү үчүн ырахматын айтып, алардын эмгектери элдин гаджеттерди таштап, кайрадан колго китеп алуусуна, белгилүү көркөм чыгармаларга жаңы көз караш менен кароосуна өбөлгө болот деп үмүттөнөрүн билдирди. Дизайнерлер банктын маанилүү социалдык милдеттеринин биринишке ашырууга – адабиятты колдоого, жаңы муундун чыгармачыл жана руханий дараметин өнүктүрүү үчүн шыктандырууга өздөрүнүн баа жеткис салымын кошо алышты.

Кошумча маалымат:

#китепокуганөлкө – адабиятты колдоого, мектеп, жогорку окуу жайлар жана китепканаларды окуу жана көркөм китептери менен камсыздоого багытталган банктын социалдык жоопкерчилик долбоору.

Design Cup – дизайнерлер арасындагы эл аралык мелдеш.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию