• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банктын "Ош" филиалында “Ага Хан” мектеби үчүн каржылык сабаттуулук күнү өттү

24 апрель, 2019-жыл

24-апрелде “Азия Банкынын” Ош филиалында Global Money Week Дүйнөлүк акча апталыгына карата Каржылык сабаттуулук күнү белгиленди. Жергиликтүү “Ага Хан” мектебинин 6-класссынын окуучулары кайсы банкты кыдырууну өздөрү тандаган. Балдар банкта иш кандай жүрөрүн өз көздөрү менен көрүп, эсеп-кысап, аманаттык эсеп кантип ачылары, акча которуу кандай жүрөрү, кассада акча кантип эсептелери, насыя кандай берилери, акча кантип алмаштырылары өңдүү банк операцияларынын бир тобунун аткаралышы менен таанышышты. Окуучуларга акча деген эмне, аларды кантип пайдалануу керек, максат коюу, акча чогултуу жана топтолгон каражатты эселентүү, каражатты туура тескөө жана күнүмдүк керектелчү акчаны чыгымдай билүү канчалык маанилүү экенин айтып беришти.

Андан соң балдар эки топко бөлүнүп, банк кызматкерлери аларга өлкөдө кайсы валюталар айланарын, кандай курс менен алмаштырыларын түшүндүрүп, экскурсиянын аягында кызыктуу каржылык оюнун бирге ойноо сунушталды. Анда ар кыл валютадагы (сом, доллар, евро) оюн үчүн жасалган акчаларды өз алдынча бөлүштүрүп, аларды сомго айлантып эсептеп, ар кандай номиналдагы акча каражаттарын көп чогултуу шарты коюлган. Эң көп акча топтой алган топ жеңүүчү болуп табылды.

Окуучулардын ар бирине банктын фирмалык белектери: футболка, калем, басылыпчыккан өндүрүмдөр жана акча топтоочу кооз кутулар тапшырылды. Кичкинтай конокторго пицца, таттуулар тартууланып, банктын филиалы аларды келерки жылы да Ачык эшик күнүнө чакырды.

Класс жетекчи банктын жетекчилигине Каржылык сабаттуулук күнүн өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, “Азия Банкынын” мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Кичинекей меймандар экскурсиядан куштарланып, ал эми айрымдары келечекте банкир болуп, кезеги келгенде дал ушул банкка кызматкер катары кайтууну кыялданышарын билдиришти.

КР УБ жергиликтүү кызматкери Темирбек Рахман уулу да бул иш-чарага мейман катары чакырылган. Ал дагы келечек ээлерине мындай экскурсияларды өткөрүү маанилүү экендигин белгилеп, “Азия Банкынын” түштүк филиалдарынын аймактык директору Данияр Нуркуловго мындай демилге жана меймандостук үчүн өз атынан да ыраазычылык билдирди.

Аталган экскурсиянын жүрүшү боюнча 7-каналдын видеосюжеттери менен бул жерден тааныша аласыздар.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию