• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банктын кызматкерлери ишкерлер менен төлөм системаларын тандоо маселесин талкуулашты

25 апрель, 2019-жыл

25-апрелде «Азия Банкынын» кызматкерлери Электрондук коммерция ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Бизнесиңиз үчүн кайсы төлөм тутумун тандаган оң?» темасында бейформал жолугушууга катышты.

Бүгүн Кыргызстандын рыногунда 250 чакты интернет дүкөн бар. Ошентсе да, алардын 18 пайызы гана төлөм ыкмасы катары банк карталарын кабыл алат. 1000ден ашуун инста-дүкөн мобилдик капчыкты пайдаланат. Сатып алуучулардын 90%ы товарды жеткирип берүүдө мурдагыдай эле накталай төлөмдү ылайык көрүшөт. Бул аталган тармактагы рыноктун келечеги эбегейсиз, ал эми төлөм тутумун тандоо маселеси ишкерлер үчүн болуп көрбөгөндөй курч экендигин айгинелейт.

Ар бир онлайн бизнестин ийгилиги каржы ишканалары кардарларына канчалык натыйжалуу төлөм ыкмасын сунуштаганына жараша экендиги жашыруун эмес. Жолугушууга Банктар аралык процессинг борборунун, «Интернет-эквайринг» кызматын киргизип жаткан айрым коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле кызыкдар ишкерлер чогулду.

«Азия Банкынын» кызматкерлери Влад Тен жана Улан Курманалиев «Интернет-эквайринг» кызматын кошуунун артыкчылыктарын, ушул таптагы тарифтери, комиссия акылары жана төлөм тутумун тандоодо эмнеге көңүл буруу керектиги боюнча меймандарга айтып беришти. Транзакциянын иштелип чыгышынын ыкчамдыгы, интеграциянын жеңилдиги жана киберкоргоонун мааниси канчалык маанилүү экендигин белгилешти.

Ишкерлер аталган кызматка аябай кызыгып, суроолорун узатып, кемчилиги бар-жогун тактап жатышты. Аталган кызматты таанытуу маалында кесиптештер кызуу талкууга да алышты. Бул кезигүү бир пикирлештерди гана топтобостон, Кыргызстандагы электрондук коммерция рыногунун бир катар маанилүү маселелерин талкуулоого шарт түздү.

Бардык катышуучулар Электрондук коммерция ассоциациясына мындай иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кезигүү жана бейформал жолугушууларды көбүрөөк өткөрүүгө ынтызарлыгын да билдиришти.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию