• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» камкордукка алган ардагерлерин Улгайган адамдар күнү менен куттуктады

01 октябрь, 2019-жыл

Согуш ардаргерлеринин эрдиги – бул ириде,  өлүмгө башын сайып коюп, эркиндик жана өлкө көзкарандысыздыгы үчүн кашык каны калганча кармашкан бардык улуттагы жоокерлердин күжүрмөн боордоштугу, кайратмандыгы менен каармандыгы жөнүндө тарых жана аларга башты ийип эскерүү.  

«Банк Азии» өзүнүн кмкордукка алынган ардагерлерин унутта калтырбай квартал сайын, тактап айтканда, 23-февралда, 9-майда, 1-октябрда жана Жаңы жылда  барып куттуктап, материалдык жардам көрсөтүп турат.

Карылардын шарты алардын тагдырындай эле ар кандай. Кээ бирлери коомдук уюмдарда иштөө менен активдүү турмуш кечирсе, кээ бирлеринин саламаттыгы, тилекке каршы, жакшы эмес. Айрымдары жаш курагына жана азыркы абалына багынып бергиси келбей, өзү үчүн жаңы хобби ачып алышкан, мисалы, эмгек ардагери жана билим берүүнү мыктысы Ореховская Ирина Павловна, мектепте тарых сабагын азыраак бергенине карабастан өзүнүн чыныгы  чеберчилиги менен кооз картиналарды жаратып келет.   

Беккелдиев Чолпонбек Исмаилович – афган согушунун ардагери, Баткендеги согуштук кагылышуулардын катышуучусу, ата мекендин алдындагы өтөгөн эмгеги зор, №37 мектепте аскерге даярдыктан сабак берет жана ошол эле жерде чакан музей ачууну көздөөдө. Анткени ал көптөн бери согуш учурларын чагылдырган предметтерди көптөн бери коллекциялап, топтоп келүүдө. Анын каалаганы эле ар бир окуучу ата-бабаларыбыз согуш жылдарында колдонуп, жеңишке жеткен атрибуттарды: форманы, согуштук белгилерди, ордендерди, согуштук каскаларды, телеграфтарды, кружкаларды, граната муляждарын, куралдарды өз көзү менен көрө ала тургандай болушу керек.

Тагдырдын татаал сыноосу Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Крупин Юрий Борисовичти кыйгап өткөн эмес, ал азыр 93 жашта, өзүнүн ДЦПга чалдыккан кызын карайт. Аялы эбак эле көз жумган жана азыр өзү оорукчан кызына кам көрүп келет. Аны кыйнаган ой эле - кызынан мурда көз жумуп кетпесе экен. Эгер анын көзү өтүп кетсе, кызын ким карайт?

Согуш жылдарындагы каармандар менен болгон ушул жолугушуулардын баары банктын кызматкерлерин карыларга жардам берип, колдоого алууга түрткү берүүдө. Биз дагы бардык көңүлкош эмес бардык адамдарды ардагерлерге эле эмес, айланабыздагы улгайган адамдардын баарына жардам берүүгө чакырабыз.   

Банктын командасы улгайган адамдардын баарын майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Улгайган адамдардын күнү бүт муунду бириктирип, мезгилдердин үзгүлтүксүз байланышын чыңдайт. Жылдан жылга артындагы өсүп келе жаткан муунга берип келе жаткан турмуштук тажрыйбасы жана кеменгерлиги үчүн аксакалдарыбызга таазим кылып, ыраазычылык билдиребиз.

Жашыңыздарга жаш кошулсун, кадырман карылар! Бекем ден соолук, сергектик, бакубаттык, жайлуулук жана жылуулук каалайбыз! Жаныңыздарда сиздерди жакшы көргөн жакындар жандап жүрсүн.

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию