Көз боемочулук жөнүндө эскертүү
Акыркы күндөрү интернет мейкиндигинде, анын ичинде популярдуу болгон «WhatsApp» кат алмашуу программасы аркылуу “Банк Азии” ЖАК тарабынан утуш оюнун уюштуруу тууралуу жалган маалымат таралууда.
“Азия Импорт Групп” аталышы менен топторду түзгөн көз боёмчулар жарандарды топко кошулууга жана 3000 сом өлчөмдөгү утуш сумманы алуу үчүн 320 сом суммадагы катталуу акысын төлөөгө үгүттөшүүдө. Сиздин көңүлүңүздөрдү бул иш аракеттерде көз боёмчулук белгилерине жана “финансы пирамидалары” деп аталуучу курулма экендигине бурабыз.
“Банк Азии” ЖАК расмий түрдө Банктын бул иш аракеттерге эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт жана жарандарга тааныш эмес адамдардын көз боёмчулук иш аракеттерине ишенбөөгө жана ушул сыяктуу алдамчылыктарда катышпоого чакырат.
Ошондой эле “Банк Азии” ЖАК жакынкы аралыкта ушул мыйзамсыз иш аракеттерди токтотуу жана уюштуруучуларды, ошондой эле Банктын имиджине жана аброюна шек келтиргендерди ачыкка чыгаруу максатында укук коргоо органдарына кайрылат.