• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банк Азии - FinOlimp 2020

04 февраль, 2020-жыл

 

«Банк Азии» ЖАК экинчи жыл катары менен «Азия Банкы – FinOlimp 2020» финансылык олимпиаданы колдойт. Бул 23 жашка чейин жаш адис студенттер үчүн финансы жана экономика боюнча биринчи жалпы республикалык олимпиада, анда бүткүл Кыргызстандан каалагандар катыша алышат.

«Банк Азии – FinOlimp 2020» өлкөдө финансылык жана экономикалык билимди көтөрүү, таланттуу жаштарды табуу, аларды Кыргызстандын ири компанияларына жумушка жана тажрыйба топтоого киргизүү максаттарында өткөрүлөт, ошондой эле бул коомдун негизги экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө үндөлгөн, жаңы муундун ар тараптуу-өнүккөн жаштарын түзүүгө мыкты салым.

Олимпиада үч турга бөлүнгөн:

  • I-этап – экономиканы жана финансынын жалпы түшүнүүсүнө онлайн тест
  • II-этап – үч предмет боюнча тесттер (катышуучулар үчөөнүн бирөөсүн тандайт) - корпоративдик финансы жана экономика; инвестиция жана маркетинг; аудит жана бухгалтердик эсеп
  • III-этап – Бишкек шаарындагы финал. Ар бир предмет боюнча командада кейстерди эсептеп чыгаруу.

Январдан мартка чейин, «Банк Азии – FinOlimp 2020» алкагында бардык каалоочулар жана олимпиаданын катышуучулары үчүн алдыңкы финансистер, экономистер, маркетологдор жана ишкерлер үчүн жабык жана ачык мастер-класстар өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөр 75 000 сом өлчөмүндөгү акчалай утушка ээ болушат, эң башкысы – Кыргызстандын эң ири компанияларында тажрыйба топтоого жана жумуш ордун алууга көмөк көрсөтүлөт.

« Банк Азии» ЖАК ар дайым келечектүү жана максаттары бийик жаштарды издөөнүн үстүндө. Билим алуудагы көмөк корпоративдик-социалдык жоопкерчиликтин артыкчылыктуу саясаттарынын бири болуп саналат. Банк #bookchallenge жана #читающаястрана долбоорлорун алга жылдырууда, калктын финансылык билимдүүлүгүнө салымын кошууда, программалоо боюнча курстарды демилгелөөдө. Өлкөдө көптү билгиси келген жана таланттуу жаштардын көптүгү сүйүндүрбөй койбойт. Анткени алардын чоң салымы менен Кыргызстан өнүгүү жана өркүндөө үчүн “алга” жылат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию