Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен!
Майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Бүгүн Кыргызстан эл аралык кооомчулук менен бирге 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилеп жатат. Ар бир наристе бактылуу балакатта өмүр сүрүүгү укуктуу. Ата-энесинин мээримине бөлөнүп чоңойгон бала бактылуу, билимдүү, руханий жактан өнүккөн адам болуп өсөт. Ошондуктан, ар бирибиздин милдетибиз – балдарын, неберелерин Мекенин сүйүп, өлкөбүздүн татыктуу жараны кылып тарбиялоо.
Балдарыбыз – биздин бактыбыз, ар бирибиз үчүн баалуу адам. Ар бир баланын өз таланты, ой-максаты бар, мына ошол талантын өз убагында байкап, ошону бапестеп, өрчүтүү биздин негизги милдет.
Балдарыбызга бактылуу жашоо, жүзүнө жылмайуу тартуулайлы!