Кыргызстандын каржы жана экономика кызматкерлеринин кунү менен!
Урматтуу кесиптештер,
Сиздерди чын жүрөктөн Кыргызстандын каржы эана экономика кызматкеринин күнү менен куттуктаайм!
Каржы жана экономика кызматкерлеринин жашообузда ээлеген орду жыл сайын өсүүдө. Ар бир цифра, ар бир бюджеттин сабында силердин талыкпаган эмгегиӊер турат. Аодыбызга экономикабызды өнүктүрүп, орчүтүп, элдин жашоо бейкуттугун бекемдөө сыяктуу зор максаттар турат. Биргелешип эмгектенип гана мамлекетибиздин күчүн өстүрө алабыз. Сиздерге чын ден соолук, бакыт-таалай жана кесиптик ийгиликтерин каалайм.
Чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектер менен
“Азия Банкы” ЖАКнын төрвйымы
Атакишиева З.А.