«Банк Азии – FinOlimp 2020» олимпиадасынын жайкы кубогу
Июнь айынын соңунда каржы жана экономика боюнча жалпы республикалык олимпиаданын алкагында «Банк Азии – FinOlimp 2020» аттуу долбоордун Жайку кубогу өткөрүлмөкчү. Ага Кыргызстандын аймагында орун алган ЖОЖ жана колледждердин окуучулары, ошондой эле жашы 23-төн аша элек жаш адистер катыша алат. Иш-чаранын турлары менен финалы Google forms жана CISCO сыяктуу аянтчаларында онлайн өтүп, экономика жана каржы жөнүндө жалпы түшүнүк берүү сыяктуу турлардан, жана банк темасына арналган кейстерден турат.
Долбоордун максаты – жаш муундун кесип тандоосуна багыт берип, таланттуу улан-кыздарды аныктап, аларды кийин жумушка орноштурууга көмөктөшүү. Кубоктун тапшырмалары жаштардын учурдагы абалга сын көз карашын аныктап, алардын тайпада иштей билишин баамдап, онлайн-аянтчалардан пайдалана билүүсүн көрсөтүп, аналитикалык жөндөмүн иликтөөгө өбөлгө түзөт.
«Банк Азии» ЖАК билим берүүчүлүк демилгелерди ар дайым колдоп, компаниянын корпоративдик-коомдук жоопкерчилигинин негизги багыты катары биринчи орунга коет. Жайкы кубок жаш муундун ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө көмөктөшүп, коомдун негизги социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп ишенебиз.