3D Secure технологиясы менен бирге коопсуз төлөмдөр
Урматтуу кардарлар, бизде жакшы жаңылык бар!
Эми сиздердин онлайн сатып алуулар 3D Secure технологиясы менен корголот, ал товарларды жана интернет кызмат көрсөтүүлөрүн коопсуз төлөөгө арналган.
Интернет аркылуу операцияларды өткөрүүдө телефонуңузга бир жолку алты белгилүү код (one time password) жөнөтүлөт, ал сиздин картаңыз менен үчүнчү адам аралыктан пайдаланууга жол бербейт жана картадагы акча каражаттарын коргоого мүмкүндүк берет.
3D Secure функциясын туташтыруу үчүн карта ачып жатканда анкетада өз телефон номериңизди көрсөтүп же сизде биздин банктын VISA карты болсо, өз маалыматтарыңызды банктын бөлүмдөрүндө жаңылай аласыз.