Мамлекеттик тил күнү куттуу болсун!
Тил — бул бүтүндөй аалам, улуттук дөөлөт, маданияттын ажырагыс бөлүгү. Тил байыртадан эле маданият жана салт менен жуурулушп өз мурасын муундан муунга калтырып келет. Эне тил — элдин иденттүүлүгүн аныктаган негизги энбелги. Эне тил — мамлекеттин пайдубалы, анын өз алдынча өмүр сүрүшүнө өбөлгө болуучу атрибут.
Мамлекеттик тилибиз өнүгүп, кыргызстандыктардын биримдигин чыңдасын, өз ара түшүнүшүүнүн жана достуктун тили болуп ишенимдүү кызмат кылсын!
Тынчтык, ийгилик жана өнүгүү каалайбыз!