Урматтуу кардарлар,
Социалдык-экономикалык кыйын абалда калган зайымчыларга мамлекеттик олдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы токтому менен, насыялар боюнча үстөк пайыздарды төлөөдөн зайымчыларды бошотуу чечими кабыл алынган.
2020-жылдын 1-октябрына чейин кредиттин/каржылоонун 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган алгачкы негизги суммасын алган зайымчыларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотулат. Бир нече насыялар болгон учурда, пайыздарды төлөөдөн бошотуу алардын бирине эле берилет.
Үстөк пайыздарды төлөөдөн бошотуу үчүн зайымчылардын тизмесине кирүү үчүн банкка 2020-жылдын 5-декабрына чейин жазуу/электрондук арыз түрүндө кайрылуу зарыл (төмөндө жүктөп алуу үчүн арыздын үлгүсүнө шилтеме берилген)
Арыз.docx