«Элкарт Бизнес» юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн жаңы карттар.
Урматтуу кардарлар,
Элкарт Бизнес жаңы продуктусу чыгып жатканы тууралуу кубаныч менен кабарлайбыз.
Элкарт Бизнес – бул Банк тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге компаниянын карталык эсеби боюнча акча каражаттарын күнү-түнү башкаруу үчүн берилүүчү корпоративдик карта.
Бул картанын негизги артыкчылыктары:
- Корпоративдик карта боюнча акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө жана анализдөө;
- Компаниянын бир эсебине лимит коюлган банк карталарынын бир нечеси байланышы мүмкүн;
- Соода жана тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө комиссиясыз;
- Каражаттарды банкоматтардан жана Банктын бөлүмдөрүнөн накталай чечип алуу;
- Каалаган банктын Элкарт картасына акча каражаттарын которуу жана «Банк Азии» ЖАК VISA картасын «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу комиссиясыз толтуруу;
- Картанын ПИН-Кодун ар кандай банкомат аркылуу өзгөртүү.
Ачуу үчүн Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.