Банктын кызматкерлери камкордукка алынган ардагерлерди Жаңы жыл майрамы менен куттуктады!
Согуш ардагерлеринин каармандыгы — бул ириде, тарых жана экриндик жана көз карандысыздык үчүн жан аябай салгылашкан боордоштордун эрдиги жөнүндө эстелик, жоокерлердин кайратмандыгы жана баатырдыгы.
Көптөгөн жылдар бою биз өүбүздүн ардагерлерибизди квартал сайын материалдык жардам көрсөтүү менен куттуктап келебиз жана алардын ар кандай өтүнүчтөрүн жана кайрылууларын көңүлдөн тыш калтырбайбыз.
Жакшы салтты улап, бул жолу баатырларыбызды келе жаткан Жаңы жылыбыз менен куттуктадык, ачык асман тартуулаган бейпил күндөрүбүз үчүн терең таазим кылып, жылдан жылга келечек муунга тартуулап келе жаткан турмуштук тажрыйбасы жана акылмандыгы үчүн ыраазычылык билдирдик. Ардагерлердин жана оорук эмгекчилеринин көпчүлүгү жалгыз жашайт, айрымдары гана балдары, неберелери же жубайлары менен жашоо өткөрүшөт. Мындай учурда алар үчүн бакшысы – көңүл буруу. Убакыт бөлүп, алар менен сүйлөшүп отуруу, согуш жылдарындагы болгон окуяларды угуу. Ар биринин өзүнүн тарыхы жана тагдыры бар.
Согуш жылдарында түрдүү тагдыр сыноолоруна туш болгон баатырлар менен болгон ул жолугушуулар улгайган адамдарыбызга жардам берип, колдоп турууга милдеттендирет. Согуштун бардык ардагерлерине узун өмүр, ден соолук жана бакубаттык каалайбыз!