Алдамчылык учурлары катталды – карта маалыматтарын башкаларга бербегиле!
Урматтуу кардарлар,
Алдамчылыкка жол бербөө үчүн карта маалыматтарын (ПИН-код, картанын толук номери, картанын арт жагындагы CVV-кодду) жана картанын өзүн башка адамдарга бербегиле. Эсиңиздерде болсун, банк кызматкерлери жеке маалыматтарды телефон же электрондук почта аркылуу сурабайт.
Сак болуңуздар жана карта боюнча акча каражаттарын алуу жана толуктоо боюнча шектүү операциялар жөнүндө билдирүүгө көңүл буруп туруңуздар, ушундай учурларды байкасаңыздар дароо Банкка кайрылыңыздар.
Банк төлөм картасын пайдалануу эрежелерин сактоо сиздин акча каражаттарыңызды сактоого көмөк көрсөтөт.