• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Банк Азии” (IFC) эл аралык финансылык корпорация менен биргеликте Global Money Week алкагында бир катар иш чараларды өткөрдү.

31 март, 2021-жыл

“Банк Азии” (IFC) эл аралык финансылык корпорация менен биргеликте “Ала-Тоо” жана “АДАМ” университеттердин студенттерине бир нече иш чараларды өткөрдү.

Ала-Тоо университеттин “Финансы жана кредит” факультетинин үчүнчү курстун студенттери үчүн онлайн-тренинг жана “Kahoot” викторина уюштурулган.

Тренинг учурунда балдарга финансылык сабаттуу болуунун мааниси жөнүндө, өз финансылык жаздыгын кандай баштоо керектиги, чыгымдарды эсептөө жөнүндө, ошондой эле кошумча кирешенин ыкмалары жөнүндө айтылды. Онлайн-тренингден кийин студенттер “Kahoot” викторинага катышты, жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Бардык катышуучулар жана жеңүүчүлөр Xiaomi дүкөндүн сертификаттарын жана банктын азем белектерин алышты.

Мындан сырткары 22 баштап 27сине чейин “АДАМ” университеттин экономикалык факультетинин студенттери үчүн “SCHALLENGE” онлайн- марафон өткөрүлдү. Бир жуманын ичинде катышуучулар өздөрүнүн күнүмдүк чыгымдарын жазышып, бир нече сумманы арттырып калтырып, үнөмдөө үчүн өздөрү кофе жана чайларды алып келип, светти өчүрүп жүрүштү.  Анткени, үнөмдөө адаты майда-бараттарга байланыштуу болот. Студенттер күндө “пайдалуу” билдирүүлөрдү, лайфхактарды алып жана аягына жетиш үчүн көмөк болгон колдоо көрсңтүштү. “SCHALLENGE” онлайн-марафондун катышуучуларына белектер, эң активдүүлөргө – финансылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн китеп тапшырылган.

Биздин өнөктөшүбүзгө - (IFC) эл аралык финансылык корпорацияга колдоо көрсөткөнү жана сертификаттарды бергени үчүн, ошондой эле студенттерге активдүү катышкандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.

Ушул иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампаниянын алкагында, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 175 ашык өлкөлөрүндө өткөрүлө тургандыгын эскертебиз.

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию