Тынчтык! Эмгек! Май!
Бүгүн бардык эмгекчилердин майрамы. Жалкоолонбой жана тоскоолдуктардан коркпой, тынымсыз эмгектенип, тандаган жолу менен өз максатына умтулуп, бактылуу келечегн кургандардын майрамы. Ушул май айынын алгачкы күнү ийгилик алып келип, жаңы бийиктиктерди багындыргандарга дем берсин.
“Адамды адам кылып баккан эмгек” дегендей, талбаган эмгек менен өнүгүүнү, жакын адамдарыңыздардын ар кандай иштерде колдоосун жана жасалган иштериңиздер үзүрү өз натыйжасы менен сиздерди жана жакындарыңыздарды кубанычка бөлөп туруусуна тилектешпиз.
Тынчтык, жаркын маанай жана жан дүйнөңүздөрдө дайым жаз майрамы байырласын.