Жеңиш күнүңүздөр менен!
Бүгүн – ар бирибиз үчүн жашообуздагы улуу жана эскерүүчү күн. Бүгүн – жеңишти жана ачык асманды тартуулаган баатыр бабаларыбыздын күнү. Бүгүн – Жеңиш күнү!
Согуштун бардык катышуучуларынын жаркын элесин эскерүү менен, бүгүнкү бейпил күн үчүн ыраазычылык билдиребиз. Терең урматтоо менен аларга башыбызды ийип таазим этебиз. Эрктүүлүгүңүздөр, эрдигиңиздер, баатырдыгыңыздар жана кайраттуулугуңуздар үчүн рахмат.
Ар дайым жер жүзүндө тынчтык жана бейкутчулук болсун, ал эми, биздин чоң аталардын жеңиштери, эрдиктери жаштарды жакшы иштерди аткарууга, Мекенди сүйүүгө үндөп турсун.
Тынчтык жана бакубаттуулук!
Жеңиш күнүңүздөр менен!