• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Банктын командасы “Жылдын мыкты мугалими – 2021” иш-чарасына катышты”.

26 май, 2021-жыл

Билим берүүгө колдоо көрсөтүү – “Банк Азии” ЖАКтын социалдык жоопкерчилигинин багыттарынын бири болуп саналат. Ошондуктан, Банктын командасы билим берүүдө олуттуу орду бар мугалимдерге арналган иш-чараны айланып өтө алган жок.

Банк 20-майда Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими – 2021” конкурсуна демөөрчүлүк кылды. Банктын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына банктын кызматтары боюнча кеңештерди жана пайдалуу салымдын ыкмалары жана финансылык куралдарды натыйжалуу колдонуу жөнүндө маалыматтарды беришти.

“Банк Азии” ЖАКтын “Ош” филиалына Ош шаарынын мэриясынын атынан иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөнү жана катышуучуларга колдоо көрсөткөнү үчүн Ыраазычылык каты тапшырылды. Банк өз кезегинде, Ош шаардык мэриясына көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле, Банк таланттуу педагогторго колдоо көрсөтүүнүн жана мугалимдин статусун жогорулатуунун, анын билим берүүгө кошкон салымын баалоонун маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын белгилей кетмекчи.

 

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию