«Элкарт Мобайлда» электрондук патентти төлөө функциясы калыбына келтирилди.
14 июль, 2021-жыл
Урматтуу кардарлар,
Элкарт Мобайл тиркемесинде электрондук патентти төлөө мүмкүн экендигин билдиребиз.
Ошондой эле, бул тиркеменин натыйжасында төмөнкү операцияларды жүргүзө ала турганыңыздарды эскертебиз:
- салыктарды төлөө
- КР Социалдык фондуна караштуу төлөмдөр
- ЖКК жазапулдарын төлөө
- «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ЖКК жазапулдарын төлөө
- «Азия банкы» ЖАКтагы насыяларды төлөө
- «Азия банкы» ЖАКтагы алыш-бериш эсебин толуктоо
- «Азия банкы» ЖАКтын VISA карталарын толуктоо
- түрдүү МНК жана МФКлардын насыяларын төлөө
«Элкарт Мобайл» тиркемеси Play Marketте же App Storeде бар.