«Элкарт Мобайл» тиркемесинен жаңы кызмат көрсөтүү
Урматтуу кардарлар,
Мындан ары сиз жазапулдарды, салыктарды, насыяларды жабуу, картаңызды толтурууларды ж.б. гана эмес, үйдөн чыкпай туруп, нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү да төлөй ала турганыңызды кубануу менен маалымдайбыз!
Бул функцияны “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнөн пайдаланууга болот.
«Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси Play Market жана App Storeде жеткиликтүү.