Банктын командасы Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттү
Жаңы жылдык керемет башталды!
Банктык төлөм кызматтары башкармалыгынын командасы атайын демилге көтөрүп, Ысык-Атадагы жашоо абалы оор болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүштү.
Банктын командасы керектүү азык-түлүктөрдү, балдарга белектерди сатып алышып, ар бир үй-бүлөгө даярдалган сюрприздерди алып барып беришип, келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты!
Кайрымдуулук – биздин банктын социалдык багыттарынын бири болуп саналат. Жакшы иштерди аткарып, муктаждарга жардам берип, биз дүйнөгө жылуулук жана бактылуулук тартуулай алабыз. Адамдардын бактылуулугуна себеп болуу – бул дүйнөдөгү эң кымбат сезим.
Банктык төлөм кызматтары башкармалыгында иштеген кесиптештерибизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!