«Банк Азии» ЖАКтын ЭЛКАРТ/МИР карталары
Урматтуу кардарлар!
11-марттан баштап VISA Эл аралык төлөм тутуму Россиядагы ишин токтотот.
"Банк Азии" ЖАКтын VISA карталары, Россия аймагынан тышкары, дүйнө жүзү боюнча штаттык режимде чектелбестен иштей берет. Банк ЭЛКАРТ/МИР контактсыз технологиялуу ко-бейджинг карталарын чыгарат, алар КР, РФ, Белорусия жана Армения аймагында тейленерин эске салабыз.
Карта соода түйүндөрүндө контактсыз ыкма менен башка адамга бербестен соода кылууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө, 24/7 банкоматтарында акча каражаттарын накталоого мүмкүндүк берет. Картанын иштөө мөөнөтү 5 жыл.
Карта ачуу үчүн Банктын бөлүмүнө паспорт менен келүү керек.