• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Банк Азии" ЖАКтын акционеринин кайрылуусу

18 март, 2022-жыл

Урматтуу коллегалар жана Банктын өнөктөштөрү,

      Мен сиздерге акыркы айлардагы окуялардан улам келип чыккан ушул оор кырдаалдарда кайрылып жатам. Мен Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан бардыгын тынчсыздандырган маалыматтарга күн сайын көз салып жатам. Терс көрүнүштөгү божомолдор, жаңылыктар жана окуялар өлкөдөгү бардык уюмдарга таасирин тийгизүүдө.

 Кардарлардын финансылык активдерин башкаруу боюнча көптөгөн функцияларды аткарган финансылык институттар бардык заманбап коомдун экосистемасынын коштоочусу жана маанилүү компоненти катары эсептелет. Ар түрдүү кырдаалдардын себебинен келип чыккан кризис мезгилинде жана финансы рыногунун бардык чакырууларына карабастан коммерциялык банктардын негизги баалуулугу - үзгүлтүксүз жана сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Ар кандай катаклизмаларга карабастан биз Банктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жана ишине колдоо берүү мүмкүндүгүн баса белгилейбиз.  «Азия Банкынын» командасы мыкты эксперттердин жетекчилигинде Кыргызстанга таасирин тийгизип өткөн көптөгөн кризистерди жеңип чыкты жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарда кардарлардын капиталынын сакталышына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүнө кепилдик берүү менен кардарлар үчүн өзүнүн баалуулуктарын сактап кала алды.

  Бүгүнкү окуялар баарыбызга мындан ары да талыкпай эмгектенип, шаар тургундарынын жана бизге кайрылган уюмдардын суроо-талаптарына тез арада жооп берүү үчүн ашыкча болбос деп ишенем. Банктын негизги акционери катары мен келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө даярмын. Азыркы кырдаалда кардарлар ишенимдүү, мобилдүү жана жогорку профессионалдуу финансы өнөктөштөргө муктаж. Биздин Банк жана биздин команда тобокелдиктерди тейлөө жана башкарууда жогорку баалуулуктарга берилгендигине, кесипкөйлүгүнө жараша финансы рыногунун стабилдүүлүгүнө жана туруктуулугуна салым кошууга тийиш.

   Банктын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана жоготууларды болтурбоо үчүн «Азия Банкынын» уставдык капиталына инвестиция кылуу тууралуу ниетимди билдирип кетмекчимин. Өзүбүздүн аракеттерибиз аркылуу биз кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн көрсөтүшүбүз керек, муну менен бирге, өлкөнүн экономикасынын туруктуулугуна салым кошобуз. Мындай чечимди кабыл алуу менен мен Банктын командасын, биздин өнөктөштөрдү жана кардарларды бардыгы үчүн оор мезгилде колдогум келет.

   Жакынкы келечекте биз бардык кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңип, бүткүл өлкө менен бирге туруктуу өнүгүүнүн жаңы этабына чыгабыз деп чын дилимден ишенем.

 

Урматым менен,

Ли Джон Бэк

14.03.2022

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию